NASA коронавируска каршы шуру жасап чыгарды

NASA космостук агенттигинин инженерлери 3D принтеринин жардамы менен коронавирус жуктуруунун алдын ала турган шуру жасап чыгарышты.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Daily Mail” басылмасына шилтеме берип кабарлады. “Pulse шурусунун максаты – COVID-19 вирусунун жайылышын азайтуу. Илдет вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көз, ооз жана мурун) кол тийгизүү аркылуу жугат.

Шуруну тагынган адам колун бетине тийгизерде шурудагы кулон дирилдеп эскертип турат”, – деп айтылат  NASAнын билдирүүсүндө. Бирок NASA бул шуру коронавирустан коргоочу беткаптын жана башка жеке коргонуучу каражаттардын ордун алмаштыра албайт деп эскертти.

Шуруну алар менен гана тагынуу керек. Коронавирус кеңири жайылып жаткандыгына байланыштуу  саламаттык сактоо жаатындагы эксперттер адамдарга  бетти кол менен кармабоо керектигин сунушташкан. Бирок көптөгөн адамдар муну унутуп калышат. “Pulse” деп аталган шуру 12 дюймдук сенсор жана дирилдөөчү кыймылдаткыч менен жабдыкталган. Шуруну тагынган адам колун башына жакындатканда дирилдөөчү кыймылдаткыч иштей баштайт. Адамдын манжалары бетке канчалык жакын болгон сайын шуру ошончолук катуу дирилдей баштайт.

Комментарий жиберүү