ЕБ Кытайга санкция киргизди

ЕБ Кытайга санкция киргизди

Европа Биримдиги шейшемби күнү Гонконгдогу окуяларга байланыштуу Кытайга чектелген санкцияларды киргизди. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, шейшемби күнү Европа Биримдиги Гонконгдогу аракеттерине байланыштуу санкция киргизди.Чектелген санкциялар Кытай менен ЕБтин расмий өкүлдөрү уюмдун компанияларына Кытайдын рыногуна кеңири жана акыйкат жол ачууга мүмкүндүк берген инвестициялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү башташкан күнү киргизилди.Бирок, Европа Бирлигинин жаңы санкциялары нааразычылык акцияларын басуу үчүн колдонула турган шаймандарды Кытайга экспорттоону чектейт.Ошондой эле, Европа Биримдигинин өкмөттөрү Гонконгдун тургундарына виза берүү жана башпаанек берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн үстүнөн…

Прочитайте больше

Иран Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Иран Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Сизди Кудайга берилгендиктин жана Кудайдын чексиз боорукерлигинин белгиси болгон жаркын Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Кудайдан Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын достук мамиледеги боордош элине бакыт-таалай жана бакубатчылык тилейм», — деп айтылат Иран Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Прочитайте больше

Аял, эркек жана акыл

Аял, эркек жана акыл

Суроо: Аялдын эркекке караганда акылдуураак экенин, ошондуктан, аялга көбүрөөк укуктарды берүү керектигин айтып жүргөндөр бар. Ар аял бардык эркектен акылдуубу? Жооп: Алгач акылдын эмне экенин билүү керек. Аллаху таала акылды туураны жаңылыштан, жакшыны жамандан, пайдалууну зыяндуудан айырмалоо үчүн жараткан. Кайсы нерсенин туура, кайсы нерсенин жаңылыш, кайсы нерсенин жакшы, кайсы нерсенин жаман экенин жалгыз бүткүл макулуктарды жоктон бар кылган Аллаху тааланын билдирүүсү менен гана түшүнүлөт. Адамдардын жакшы же жаман деп айтуусу менен бир нерсе жакшы же жаман болуп…

Прочитайте больше

Курман Айт майрамы

Курман Айт майрамы

Айт күндөрүнүн пазилети өтө чоң. Курман айттын 1, 2, 3 күндөрүнөн кийинки түндөр Курман майрамынын түндөрү деп аталат. Хадиси шарифтерде айтылган: “Рамазан жана Курман майрамынын түндөрүндө ибадат кылган адамдын көңүлү көңүлдөр өлгөн күндө өлбөйт.” [Ибни Маже, Таберани] “Ырайым эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба, тообо кайтарылбайт. Рамазан майрамынын жана Курман майрамынын биринчи түндөрү, Берат түнү жана Арафа түнү.” [Исфахани] “Мына бул беш түндө кылынган дуба артка кайтарылбайт. Регаиб түнү, Берат түнү, Жума түнү, Рамазан жана…

Прочитайте больше

Сауд Аравияда 936 зыяратчы кармалды

Сауд Аравияда 936 зыяратчы кармалды

Сауд Аравиянын коопсуздук күчтөрү кечээ, 29-июлда ажылык зыяратынын башталышы менен бир убакта атайын уруксаты жок хажга кирүүгө аракет кылган 936 зыяратчыны кармады. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги саудиялык расмий “SРА” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Хаж коопсуздугу боюнча командачылыгынын расмий өкүлү маалымдагандай, саудиялык коопсуздук күчтөр быйылкы ажылык сапарына байланыштуу жарыяланган көрсөтмөлөрүнүн алкагында Меккедеги ыйык жерлерге уруксатсыз кирген жүздөгөн адамдарды камакка алган. Анын айтымында, саудиянын коопсуздук күчтөрү санитардык протоколдорду бузган жана ыйык жерлерге (Мина, Муздалифа жана Арафат) атайын уруксатсыз…

Прочитайте больше

Руханий лидер: “АКШ өкмөтүнүн расисттик аракеттерин айыптап, элдик кыймылды колдойбуз.”

Руханий лидер: “АКШ өкмөтүнүн расисттик аракеттерин айыптап, элдик кыймылды колдойбуз.”

Иран Ислам Ыңкылабынын лидери АКШ өкмөтүнүн расисттик аракеттерин айыптап, элдик кыймылды колдоду. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла Хаменеи: “Америкада болуп жаткан окуяларда расизмге каршы чыккан элдик кыймылды колдойбуз жана Америка бийлигинин ырайымсыз жана расисттик жүрүм-турумун айыптайбыз”,- деди.Белгилей кетсек, жылдык ажылык аземге  байланыштуу куттуктоодо Улуу Урматтуу Аятолла Хаменеи мындай деди: “Америка шаарларынын көчөлөрүндө болуп жаткан окуяларга жөнөкөй сереп жүргүзүү менен бийликтин элге жасаган мамилеси, бул өлкөдө элдин ар кандай катмарларга  бөлүнүүлөрү, өлкөнү башкарууга шайланган адамдардын ойдуңдары…

Прочитайте больше

Кытайда коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары кайрадан катталууда

Кытайда коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары кайрадан катталууда

Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн түндүк-батышында коронавирус жуктуруунун жаңы 101 учуру катталганын маалымдады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча комиссиясынын маалыматына караганда, акыркы 24 саатта 101 адам коронавируска чалдыккан. Вирус жуктуруунун учурлары көп катталган аймактарда спорт залдар, түнкү клубдар жана музейлер үч айдан бери жабык турат. Маалыматка ылайык, илдетке кабылган адамдардын 98и Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда катталган. Бул район акыркы айдын ичинде коронавирустун очогу катары эсептелинип келген. COVID-19 биринчи жолу 2019-жылдын аягында…

Прочитайте больше

Сауд Аравиясында ажылык жөрөлгөлөр башталды

Сауд Аравиясында ажылык жөрөлгөлөр башталды

Бул ирет ажылык жөрөлгөлөргө  Падышалыктын 337 жашоочулары гана катышат. Islam Today агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд Аравияда ажылык азем 28-июлда башталды. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам, миңге чукул адам гана ажылыкка катышат. Муну менен алар бир катар чектөөлөргө туш болушат. Мисалы, Сауд Аравия бийлиги социалдык аралыктын сакталышын жана санитардык-гигиеналык чаралардын күчөтүлүшүн көзөмөлдөйт. “Шайтанга таш ыргытуу” ырым-жырымында колдонулган бардык таштар антисептик каражаттар менен тазаланат. Зыяратчыларга Каабага тийүүгө жол берилбейт жана намаз учурунда маска кийүү милдеттүү болот. Эске салсак, жыл сайын ажылык…

Прочитайте больше

Орусияда COVID-19га каршы дагы бир вакцинанын клиникалык сыноосу башталды

Орусияда COVID-19га каршы дагы бир вакцинанын клиникалык сыноосу башталды

Орусиянын мамлекеттик “Вектор” деп аталган вирусология жана биотехнология илимий борбору коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны ыктыярчыларга клиникалык сыноону баштады. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги ТАСС агенттигине шилтеме берип кабарлады. Иштелип чыккан протоколго ылайык, клиникалык сыноо 5 ыктыярчыдан башталган. Биринчи ыктыярчы  27-июлда эмделген, ал эми экинчиси 30-июлда эмделет. Маалыматка караганда, калган 3 ыктыярчы бир аз убакыт аралыгынан кийин эмделет. Билдирүүдө сыноого катышкан ыктыярчылардын физикалык абалы көзөмөлдөнүп турары жана вакцина алган биринчи топтогу ыктыярчылардын абалы жакшы экендиги айтылды. “Вектор” борбору…

Прочитайте больше

ДССУ: Коронавирус бардык мезгилди сүйөт

ДССУ: Коронавирус бардык мезгилди сүйөт

Шейшемби күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун мезгилдүү жүрүм-туруму жок экендигин дагы бир жолу билдирди. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.Шейшемби күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү COVID-19 сасык тумоодон айырмаланып, мезгилдүү жүрүм-турумга ээ эмес экенин билдирди.“Reuters” агенттигинин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү Маргарет Харрис COVID-19 эпидемиясын “чоң толкун” менен иштеген оору деп атады жана түндүк жарым шарда шалаакылык болушу мүмкүн деп эскертти. Маргарет Харрис Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Женевадагы башкы кеңсесинде өткөн…

Прочитайте больше

Кытайлык аткаминер коронавирустун вакцинасын өзүнө сынап көрдү

Кытайлык аткаминер коронавирустун вакцинасын өзүнө сынап көрдү

Кытайдагы Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору доктор Гао Фу кытайлык изилдөөчүлөр иштеп чыккан COVID-19 илдетине каршы вакцинаны өзүнө сынап көрдү. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Гао Фу кечээ кечинде кабарчылар менен өткөргөн онлайн маалымат жыйынында вакцинаны өзүнө сынап көрүүнүн максаты – элди вакцинаны колдонууга шыктандыруу жана аларды даярдоо болгонун билдирди. Ал коронавирустун вакцинасы күзгө чейин даяр болоруна үмүт артарын билдирди. Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору буга чейин Кытайдын коронавируска каршы алгачкы вакцинасы сентябрь…

Прочитайте больше

Курмандык чалуунун пазилети

Курмандык чалуунун пазилети

Суроо: Курмандык чалуунун маанилүүлүгү эмне? Жооп: Курмандык нисабына (96 гр алтын) ээ болгон мусулмандын курмандык чалуусу важип болот. Эч бир себепсиз курмандык чалбоо күнөө болот. Курмандык чалуу важип болуп туруп курмандык чалбаган адамдын үйү ээлерине кыңкыстап, баддуба (каргыш) кылат, “курмандык чалбаганың сыяктуу Аллаху таала сага да жакшылык кылууну насип кылбасын!” дейт. Ал үй ошол жылы балээ-кырсыктарга дуушар болот. Ал эми, курмандык чалган адамдардын үйү ыраазы болот, үй ээлерине кайырлуу (жакшы) дуба кылат. Ошондуктан да, курмандык чалууну бир немат деп…

Прочитайте больше

Трамптын ирандык генерал Сулейманини өлтүрүү боюнча чечиминин артында ким турат?

Трамптын ирандык генерал Сулейманини өлтүрүү боюнча чечиминин артында ким турат?

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШнын өлкө башчысы Дональд Трампты ирандык генерал Касем Сулейманини өлтүрүүгө буйрук берүүгө көндүргөн. Бул тууралуу “The Guardian” басылмасы жазганын  “Ir.Sputnik”  агенттиги кабарлады. “The Guardian” басылмасынын башкы редакторунун орун басары журналист Саймон Тисдал АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун коркунучтуу позициясы туурасында жазып, Помпео Трампты ирандык генерал Касем Сулейманини өлтүрүү буйругун берүүгө көндүргөн деп билдирди. “Помпео ирандык генералдын  өлтүрүлүшүн ал АКШнын кызыкчылыктарына коркунуч келтирген деп актаган”, – деп айтылат аталган басылманын билдирүүсүндө. Саймон…

Прочитайте больше

Меккеге алгачкы ажылар киришти

Меккеге алгачкы ажылар киришти

Быйылкы жылы ажылык сапарга барууга уруксат алган бир топ адамдар Меккеге киришти. “ISNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, 29-июлдан тартып саламаттык эрежелерин так сактоо менен өтө турган ажылыкка Сауд Аравиясынын ичинен гана 1000 адам катышат. Алардын ичинен 700 адам бул өлкөдо жашаган чет элдик адамдар болуп эсепетелет. Быйыл ажылык сапары коронавирустун чыгышынан улам келип чыккан дүйнөлүк кризистен улам  мурунку жылдарга салыштырмалуу өтө аз адам менен өткөрүлөт жана ажылык ибадаттары бүткөндөн кийин зыяратчылар карантинге алынары жарыяланган. Коронавирустан айыккан…

Прочитайте больше

Кытай: АКШнын Чэнду шаарындагы консулдугу жабылды

Кытай: АКШнын Чэнду шаарындагы консулдугу жабылды

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын консулдугу жабылганын жана имарат өлкөнүн көзөмөлүнө алынганын жарыялады. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Техас шататындагы Хьюстон шаарында Кытай консулдугуна америкалыктардын мыйзамсыз кирүүсүнөн кийин, бүгүн  эртең менен (дүйшөмбү күнү) АКШнын Чэндудагы консулдугундагы желеги түшүрүлдү. “Reuters” агенттигинин жазганына караганда, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Чэнду шаарындагы консулдугу эртең мененки саат 10до (жергиликтүү убакыт боюнча) жабылгандыгын жарыялаган. Маалыматка ылайык, Чэндунун полициясы бүгүн эртең менен имаратка баруучу жолдорду бөгөп, төрт коопсуздук күчүн имараттын кире беришине…

Прочитайте больше
1 2 3 8