Иншаллах деп айтуунун мааниси

Иншаллах деп айтуунун мааниси

Суроо: Иншаллах деген сөз кандай маанини түшүндүрөт? Жооп: Иншаллах – Аллаху таала кааласа болот же кыскача Кудай кааласа деген маанини билдирет. Бул сөз бардык иштерди Аллаху тааланын каалоосуна тапшыруу үчүн айтылган сөз. Аллаху тааланын алдында моюн сунгандардан болуу үчүн ар бир иште иншаллах деп айтуу керек! Хадиси шарифте: “Адамдар үчүн иншаллах деп айтуудан да жакшыраак моюн сунуучулук жок”, – деп айтылган. “Муну жасаймын”, “Эртең баланча жерге барамын” деп айтканда да “Иншаллах” деп айтуу керек! Бир киши менен бир нерсеге макулдашып жатканда иншаллах деп…

Прочитайте больше

Бишкекте коомдук унаалар эртең менен жана кечинде гана каттайт. Алардын иштөө тартиби

Бишкекте коомдук унаалар эртең менен жана кечинде гана каттайт. Алардын иштөө тартиби

Бишкекте коомдук унаалардын ишине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, коомдук унаалар иш күндөрү түшкү маал тыныгуу менен иштеп, дем алыш күндөрү такыр ишке чыкпайт. “Коомдук унаалар – троллейбус, автобус жана кичи автобустар эртең менеки саат 07:00дөн 10:00гө чейин иштеп, саат 10:00дөн 17:00гө чейин тыным алышат. Андан кийин 17:00дөн кечки 21:00гө чейин иштешет. Ишемби жана жекшемби күндөрү каттамга чыгышпайт”, – деди ал.

Прочитайте больше

Трамп тарыхта эл аралык сот жообуна тартылган биринчи президент!

Трамп тарыхта эл аралык сот жообуна тартылган биринчи президент!

Америкалык жарандын Ирандын Трампты камакка алуу талабы тууралуу кызыктуу Твиттери.  Jam News агенттигинин маалыматына ылайык, Трамптын оппоненттеринин бири Твиттердеги баракчасында Ирандын АКШнын президентине каршы доо арызы жөнүндө мындай деп жазган: “Трамп эл аралык деңгээлде камакка алуу талабы коюлган биринчи президент!” Белгилей кетсек, Ирандын Сот бийлиги маркум генерал Касем Сулейманинин террордолушуна шектүү 36 адамды жоопко таруу чечимин чыгарган.Буга кошумча террордоого буйрук берген АКШ президенти Дональд Трампты эл аралык издөөгө алуу талабы коюлган.

Прочитайте больше

COVID-19: Бир суткада беш бейтап каза болду, оору жуккан 439 адам жаңы катталды

COVID-19: Бир суткада беш бейтап каза болду, оору жуккан 439 адам жаңы катталды

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын бир суткадагы саны кайрадан эң көп көрсөткүчкө жетти. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, кечээтен бери 439 бейтап жаңыдан катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 195 адам. Чүй облусунда 175, Жалал-Абад облусунда 24, Баткен облусунда 13, Талас облусунда 12, Нарын облусунда 10, Ош шаарында жана Ош облусунда бештен адам. Бир сутка ичинде беш бейтап каза болду: Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 57 жана…

Прочитайте больше

Кремль: Путин, Рухани жана Эрдоган бүгүн виртуалдык үч тараптуу жолугушуу өткөрүшөт

Кремль: Путин, Рухани жана Эрдоган бүгүн виртуалдык үч тараптуу жолугушуу өткөрүшөт

Орусия президентинин маалымат катчысы Путин, Рухани жана Эрдогандын катышуусунда Сирия боюнча Астана процессинин алкагында үч тараптуу сүйлөшүүлөр видеоконференция аркылуу өткөрүлөрүн билдирди. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын президенти Режеп Таиб Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышууларында 1-июлда  видео конференция өткөрүлөрүн тастыктады.Белгилей кетсек, Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн журналисттерге маек берип, Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн “Астана сүйлөшүүлөрүнүн” алкагында Орусия, Түркия жана Иран президенттеринин видеоконференциясы боюнча тараган айрым…

Прочитайте больше