ДССУ: Үй жаныбарлары коронавирусту алып жүрбөйт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  үй жаныбарлары адамдарга COVID-19 илдетин жугузушу мүмкүн деген далилдер аз экенин маалымдады.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги CGTN агенттигине шилтеме берип кабарлады. ДСУнун башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан басма сөз жыйынында адамдардын үй жаныбарларынан илдет жуктуруп алуу коркунучу өтө аз экенин билдирди.

«Үй жаныбарлары адамдарга вирусту таратышы мүмкүн деген тынчсыздануулар бар бирок, изилдөөлөрдөн алынган далилдер аны көрсөткөн жок», – деди Сваминатан.

Ал вирус жаныбарлар арасында кантип жайылып, аны адамдарга кандайча жугузары азырынча белгисиз, ошондуктан көп изилдөлөрдү жүргүзүү керек деди. Кээ бир британ изилдөөчүлөрү мындан эки жума мурун иттер жана мышыктар адамдарга коронавирус таратышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Комментарий жиберүү