Коронавирустун акыркы дүйнөлүк антирекорду (таблица)

АКШ акыркы 24 саатта 57 000 бул илдетке  чалдыгуулар менен антирекорд койду.

Tasnim News агенттигинин билдирүүсү боюнча, акыркы дүйнөлүк статистикага ылайык, дүйнө жүзү боюнча 10 млн. 991,000 адам коронавируска чалдыгышкан.  Ал эми, акыркы 24 саатта Америка Кошмо Штаттарынан 57 000  учур катталып, жаңы антирекорд койду.
 Worldometer маалымат порталы дүйнөдө COVID-19 вирусуна  чалдыккандардын саны 10 млн. 991 миң 872 адамга жеткенин жана алардын 524 176сы көз жумганын жарыялады.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндөгү бейтаптардын жалпы санынан 6 млн. 150 миң 606 адам ушул кезге чейин айыгып, бул дарттан арыла алды.
Ал эми Америка Кошмо Штаттарында дүйнөдөгү бейтаптардын эң көп саны катталды. Акыркы 24 саатта 57 миң 236га көбөйүп, оорулардын бардыгы 2 млн. 837 миң 189га жетти. Буга чейин, COVID-19  вирусунан 131 485 америкалык каза болгон.
 Бразилия Америка Кошмо Штаттарынан кийинки экинчи орунду ээлейт, акыркы 24 саатта 47 миң 984кө өсүп, бардык ооруулууар 1 млн. 501 миң 353тү түздү; Бул өлкөдө 61миң 990 адам коронавирустан дүйнө салышкан.

Орусия дүйнөдө үчүнчү орунда турат, акыркы 24 саатта 6 миң 760ка көбөйүп, жалпысынан бейтаптар 661 миң 165ти түздү. Ошондой эле 9 миң 883 бейтаптын өмүрү кыйылды.

Индия, Испания, Перу, Чили жана Улуу Британия 627 миң 168, 297 миң 183 миң 292 миң  4, 284 миң  541 жана 283 миң 757 бейтаптары менен дүйнөдөгү төрттөн сегизинчи орундарды ээлешкен.

Италия ошондой эле 240 миң 961 бейтабы менен дүйнө жүзү боюнча тогузунчу жана онунчу орунда 238 миң 511 Мексика турат.

Сакайгандардын саны боюнча АКШ, Бразилия жана Орусия биринчи, үчүнчү орундарды ээлешти.
Төмөнкү таблицада дүйнө жүзү боюнча бейтаптардын санынын акыркы өзгөрүүлөрү берилген.

Комментарий жиберүү