Foreign Policy: Иран АКШнын кысымынан коопсуз

Америкалык журнал АКШнын Иранга каршы саясатынын ийгиликсиздигин баса белгиледи.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун билдирүүсү боюнча, америкалык маалымат каражаттары АКШнын Иранга каршы “максималдуу басым” аталган саясаты ишке ашпай калганын жазышты.
Белгилей кетсек, америкалык Foreign Policy журналы Трамп Иран менен “Чоң келишим” жөнүндө сүйлөшүү столуна чакырганына байланыштуу мындай деп жазган: “Президенттин максималдуу кысым көрсөтүү саясаты Иран менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мүмкүнчүлүктү дээрлик жокко чыгарды.”
“Иран АКШнын кысымына туруштук берди. Карапайым калктын басымдуу бөлүгү кысымга алынганына карабастан, өлкөнүн экономикасы айрымдар күткөндөй төмөндөгөн жок.Тескерисинче, Иранда экономикалык калыбына келүү белгилери байкалып жатат жана ички өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу өсүп жатат”, – деп айтылат макалада.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен “Жакшыраак келишимге” жетүүгө убада берип, “Максималдуу кысым кампаниясы” деп аталган саясатын баштаган. Бул убада берилгенден бери эки жылдан ашык убакыт өтсө дагы, Трамп бул максатына жете алган жок жана аны АКШдагы ар кандай топтор, айрыкча ноябрдагы президенттик шайлоо алдында сынга алышты.

Комментарий жиберүү