АКШнын сенатору Йеменди бомбалоону токтотууга чакырды

АКШнын жогорку даражалуу сенатору Йеменде коронавирустан каза болгондордун саны өтө жогорулаганын айтып, АКШ аларды бомбалоону токтотушу керектигин баса белгиледи.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Коннектикут штатындагы демократиялык партиянын сенатору Крис Мерфи Твиттердеги билдирүүсүндө, коронавирустун айынан йемендиктердин каза болгондорунун видеотасмаларын жарыялап жатып, АКШга бул өлкөнүн элин бомбалоону токтотуусун талап койду.

Твиттерде Крис Мерфи мындай жазган: “COVID-19 вирусун жуктурган йемендиктердин 27% өлүшү мүмкүн”, – деп жазган Мерфи Твиттердеги билдирүүсүндө. Америка Кошмо Штаттары аларга эмне кылып жатат? АКШ аларды бомбалап жатат.”

Ошондой эле сенатор бул процессти токтотуу керектигин кошумчалады.
Эске салсак, Сауд Арабиянын согушкерлер коалициясы АКШнын жана Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен 2015-жылдан бери йемендиктерге согуштарын баштаган. Андан бери тынымсыз бомбалоо жана кол салуулардан улам йемендиктердин абалы курчуп, учурдагы коронавирустан кийин кыйла начарлап кетти.

Жакында Médecins Sans Frontières (MSF) уюму Йеменде коронавирустан бир нече жуманын ичинде 28 миллион адам жабыркай тургандыгын эскерткен.

Комментарий жиберүү