Түркия Кыргызстанга 150 кычкылтек концентраторун берди

Баардыгыбыз билгендей COVID-19 пандемиясына каршы бүтүн дүйнө күрөшүп жатат.

Бул алкакта Кыргызстанда да тиешелүү иш-чаралар аткарылып, адам өмүрүн сактап калуу үчүн болгон аракеттер үзгүлтүксүз уланууда. Мындай маалыматты Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

“Кыргыз бир туугандарыбызга бул кыйын убакытта колдоо көрсөтүү максатында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги баш болуп, Кыргызстанда иш алып барган Түркиялык ишкерлердин көмөгү менен Кыргыз тарабына гуманитардык жардам катары Түркиядан 150 даана кычкылтек концентратору алынып келинүүдө”,- деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Андан ары Муктаж болгон адамдарга убагында жетиштирүү максатында аталган гуманитардык жардам Түркиядан келери менен өткөрүлүп берилет жана өткөрүп берүү ишине Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин Соода иштери боюнча кеңешчиси Бехзат Эртен, Түркия-Кыргызстан Ишкерлери, Маданият, Тилектештик жана Достук Коомунун Төрагасы Шевки Сарылар жана Кыргыз тарабынан Саламатттык Сактоо министрлигинен катышышары кошумчаланган.
Муну менен биргеликте Түркия Республикасы коронавирус менен күрөшүү алкагында Кыргызстанга ар тараптуу жардам пакетин даярдап жатат жана анын жакында келүүсү күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү