Бишкекте коронавирус жана пневмония менено оругандар үчүн кошумча орундуктар даярдалды

Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандар үчүн кошумча орундуктар түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү даректерде кошумча орундуктар түзүлдү:

• “Континенталь” мейманканасы, дареги: Интергельпо көчөчөсү 1, 225 койка-орун;

• Каниметов атындагы №1 интернат, дареги: Жибек-Жолу көч., 625, 120 койка-орун;

• Көзү азиз жана дүлөйлөрдүн атайын орто билим берүү мектеп-интернаты, дареги: Кулатов көч., 37, 80 койка-орун;

• “Discovery” мейманканасы, дареги: Оренбургский 31, 48 койка-орун;

• Доктор Назаралиевдин медициналык борбору; 60 койка-орун;

• И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Улуттук Медициналык Академиясы, 300 койка-орун;

• Обсервация үчүн “Дордой” ассоциациясы тарабынан курулган медресе же “Ынтымак” жаңы конушундагы госпиталь – 150 орун.

Булак: Кабар 

Комментарий жиберүү