ДССУ эскертет: Коронавирус эки метрден дагы алыс жайылат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус аба аркылуу мурун ойлогондон дагы көбүрөөк жайылышы мүмкүн экенин эскертти.

“Farsi.iranpress” агенттиги “AFP” агенттигинин маалыматына ылайык, ДССУ коронавирус эпидемиясы көбөйүп жаткандыгын эскерттүү менен, “Эл аралык илимпоздор тобу коронавирус эки метрден алыс жайылышы мүмкүн деген жыйынтыкка келишти. Жакынкы күндөрү бул боюнча жаңы билдирүүсүн жарыялашат”, – деп билдирди.
Дүйшөмбү күнү 239 окумуштуудан турган эл аралык топ изилдөөлөрүнөн кийин, 5 мкм (микрометр) көлөмүндөгү коронавирус камтылган дем менен чыккан тамчы бир нече саатка абада токтоп, ондогон метр аралыкка чейин жүрө алышарын билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки метр физикалык аралыкты (коомдук аралык) сактоо жана бет кап тагынуу азыркы учурда COVID-19 илдети менен күрөшүүнүн негизги жолу болуп эсептелип жатат.
Коронавирустун жайылышы көбөйүп жаткандыктан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом: “Бул дарттын жайылышы басаңдаган жок”, – деп билдирди.
Статистика көрсөткөндөй, дүйнө жүзү боюнча 11 миллион 955 миңден ашык адам коронавирусту жуктуруп алышты жана анын ичинен 546 миңден ашуун адам көз жумду.

Комментарий жиберүү