Иран АКШдан санкциялардын ордун толтурууну талап кылды

Иран Америкадан экономикалык чыгымдардын ордун толтурууну талап кылды.

Islam today агенттигинин маалыматына ылайык,  Вашингтон Тегеранга АКШнын кийинки президенти ким боло тургандыгына карабастан, санкциялардан улам келтирилген зыяндын ордун толтурушу керек.
 Бул тууралуу “Жер Ортолук Диалог” алкагындагы виртуалдык дискуссия учурунда ИИРдин Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф билдирди.
“2021-жылы президент Дональд Трамп болобу же башка бир президент келеби, ал Иран элине жана экономикасына келтирилген зыян үчүн компенсация төлөп бериши керек. Алар  келтирилген зыяндын ордун толтуруп, эл аралык келишимдерге кайтып келиши керек. Ал убакта Ак үйдө ким болору маанилүү эмес ”, – деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Ирандын президенти Хасан Рухани Тегеран Вашингтон менен өзөктүк келишимдин алкагында диалог жүргүзүүсү бир гана келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси каралганда гана мүмкүн болоорун айткан.
Эске салак, АКШнын санкцияларынан улам Ирандын чыгымы 50 млрд. долларды түзгөн, бул өткөн жылдын эки бюджетине туура келет.

Комментарий жиберүү