Коронавирус: Өлкө Түштүгүндө да абал оорлоп жатат

Ош шаарында учурда санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлай баштаганы байкалууда.

Бул тууралуу Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Кыялбек Ташболотов билдиргенин Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Ошто да азыр эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат. Мындай маалыматты Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Кыялбек Ташболотов билдиргенин Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Ал кычкылтек концентратор менен ИВЛ аппараттарынын жетишсиздиги көйгөй жаратканын айткан:

«Демөөрчүлүк жардам линиясы боюнча Бишкектен 17 кычкылтек концентраты жөнөтүлдү, алардын бешөө Ош шаарындагы медициналык мекемеге берилген. Азыркы учурда оор абалдагы бейтаптар үчүн тиешелүү шарттары жана керектүү медициналык жабдыктары бар ИИМдин байтапканасында 80 орундук даярдоо тууралуу сунуштар каралып жатат»,- деп билдирген Ташболотов.

Акыркы кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын Жарандык коргонуу мекемеси чечкиндүү кадамдарга барып, бир катар чектөөлөрдү киргизди. Тактап айтканда, шаардагы базарлар дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебей, апта ичинде эки жолу дезинфекцияланат. Ошондой эле 10-июлдан тарта шаар аймагындагы мечиттерде жума намаздар убактылуу окулбайт. Шаардагы эс алуучу жайлардагы балдар ойноочу аянтчалар, соода борборлорундагы балдар ойноочу жайлар, бильярд залдары, интернет клубдар, караоке, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды.

Абалдын оорлошуп баратканына байланыштуу жергиликтүү бийлик медицина кызматкерлерин жумушка чакырды. Ошентип, Ош шаарында дарыгерлердин резервин түзүү, жеке медициналык клиникаларды да СОVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берүүгө адистер келе баштады. Ошондой эле мобилдик бригадалар жана колл-борбордун чыгымдарына көмөк көрсөтүү аракети көрүлүүдө. Буга улай шаарда пневмония жана коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орундар даярдала баштады.

Ал эми Ош облусунун 7 районунда жалпысынан обсервацияга жата тургандарга деп 1500 орун даярдалган. Учурда аларда 115 адамдар жатканына карабай, дагы кошумча орундуктар даярдала баштаганын ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Нуржан Эштаев билдирди.

Белгилей кетели, Ош шаарынын аймагында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды. Мындайга жол берген кафе-ресторандарга айып пул салынып, 1 айга чейин иштөөгө уруксат берилбейт. Тойлор жеке турак үйлөрдө да өткөрүлбөш керек. Анын аткарылышына милиция көз салат.

Ал эми, 2 күн башта Кара-Сууда кыз узатуу тоюн өткөрүүгө уруксат берген ресторан 15 күнгө жабылды. Анда 60тай адам тойлоп жатышканын облустук милициядан билдиришти. Ош шаары COVID-19 жугузуп алган кишилердин саны боюнча Бишкектен кийин экинчи орунда.

6-июлга карата Ош шаары менен облусунда коронавирус 1380 кишиден табылган.

Комментарий жиберүү