Москва: АКШдан айырмаланып, Орусия эч качан Талибан менен кызматташкан эмес

Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кеңешинин башчысы АКШ Ооганстанда Талибан кыймылынын түзүлүшүнө катышкандыгын белгилеп, Москва эч качан Талибан менен кызматташкан эмес деп баса белгиледи.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Николай Патрушев бул тууралуу апталык бир гезитке берген маегинде билдирди.
“ТАСС” агенттиги Николай Патрушев “Эгер чынын айтсак, Талибан кыймылын түзүүгө жардам берген АКШ болгон жана 1980-жылдары оогандык мужахиддерди колдоого миллиарддаган долларларды сарптаган. Кийинчерээк алар Ооганстанда гана эмес, бүтүндөй аймакта террористтик күчтөрдүн чоң бөлүгүн түзүшкөн”, – деп билдиргенин жазды.
 

Ошондой эле, Патрушев Орусия талиптер менен кызматташпаганын, ал тургай 2003-жылы Орусиянын Жогорку соту Талибанды террордук топ деп тапканын баса белгиледи.

Орусиянын бул аткаминеринин билдирүүсү “New York Times” гезитиндеги акыркы кабарга жооп катары кабыл алынды. Анда Орусия Ооганстандагы америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн Талибанга акча төлөп берген деп маалымдалган.

Бирок, бул доомат АКШнын Ак үйү тарабынан четке кагылып, өлкөнүн маалымат кызматтары дагы бул боюнча ынанымдуу далилдер жок экендигин билдиришти.

Комментарий жиберүү