Нур-Султанга Орусиядан дарыгерлер тобу барды

Казакстандын борбор шаары Нур-Султанга Кытайдан 32 адамдан турган атайын дарыгерлер тобу келди. Бул тууралуу «Fars News» агенттигинин Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка караганда, Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) эпидемиолог жана вирусологдордон турган тобу Нур-Султан шаарына казак кесиптештерине коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн келишти.

Орусиялык адистер COVID-19га каршы биргелешкен иш-чаралардын жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин макулдашуусунун алкагында келишти. 32 адамдан турган топтун катарына эпидемиологдор, вирусологдор жана башка адистештирилген тармактардагы дарыгерлер кирди. Орусиялык адистер казакстандык дарыгерлерге коронавирус инфекциясынын пандемиясына каршы күрөшүүдө консультативдик жана практикалык жардам көрсөтүшөт.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, делегациянын курамына жугуштуу оорулар боюнча адистер, реаниматологдор, анестезиолог -реаниматологдор, эпидемиологдор, пульмонологдор кирет.

Делегацияны Орусиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Гриднёв жетектейт.

Комментарий жиберүү