Революциянын лидери: Ислам Республикасы Палестина элин колдоо үчүн болгон күчүн жумшайт

Аятолла Хаменеи: “Ислам Республикасы, мурдагыдай эле, Палестинанын эзилген элин колдоо жана алардын укуктарын коргоо үчүн жана сионисттик режимди басып алуудан сактоого болгон күчүн жумшайт”,- деп баса белгиледи.

Fars News агенттигинин саясий тобунун маалыматына ылайык,  ИИРдин Руханий Жогорку лидери Хамастын саясий кеңсесинин башчысы Исмаил Ханиянын катына жооп кайтарды.
Революция лидеринин жоопторунун тексти төмөнкүчө:
Аллахтын аты менен: Ассалам алейкум урматтуу Исмаил Ханиях мырза!
Палестина исламдык каршылык көрсөтүү кыймылынын (ХАМАС)  урматтуу төрагасы.
“Мен Палестина чөйрөсүндөгү акыркы окуяларга кунт коюп, байкоо жүргүздүм.  Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы, Америка Кошмо Штаттарынын жана сионисттик режимдин кутумдарына каршы күрөшүү менен, алардын жеңилүүсүн жана ийгиликсиздигин шарттады. Бул Ислам Үммөтүнүн сыймыгы болду. Мен мындай ийгиликтер үчүн Кудурети Күчтүү Кудайга  жана силердей болгон эр жүрөк мужахиддерге ыраазычылык билдирем.
Душмандар биринчи кезекте экономикалык кысым көрсөтүп жана Газа тилкесин курчоого алып, андан кийин алдамчылык менен: сүйлөшүү жүргүзөбүз, тынчтык жана жарашуу жолуна өтөбүз деп, өзүнүн экспансионизм стратегиясы менен палестиналыктардын укуктарын бузууда. Бирок Палестинанын эр жүрөк эли алардын коркутууларына баш ийген эмес жана буга чейин да өзүнүн үлгүлүү чыдамдуулугу менен ар-намыс жана кадыр-барктын жолунда жүрөт.
 Буюрса, мындан ары дагы адамдардын биримдиги жана бүтүндүгүнүн сакталуусу менен Палестинанын коргоочулары душмандын айла-амалдарын бузуп, кудуреттүү жеңишке алып келет деп ишенем.
Мурунку жылдардагыдай эле, Ислам Революциясы баалуулуктарына негизделген диний жана адамдык милдет катары, Палестинанын эзилген элин колдоо жана алардын укуктарын коргоо, ошондой эле жасалма жана сионисттик режимдин басып алуусуна каршы күч-аракетин жумшайт. Кудуреттүү Кудай Сиздин кадыр-баркыңызды жана күч-кубатыңызды арттырат деп ишенем.”

Комментарий жиберүү