Ысырап


Суроо:
 Ысырап деген эмне?

ЖООП: Ысырап (исраф) мал-мүлктү дин жагынан жана мурувват (адамгерчилик) жагынан туура болбогон жерлерге жумшоо деген сөз. Мурувват пайдалуу болуу, жакшылык кылуу дегенди түшүндүрөт. Динге ылайык болбогон ысырап харам болуп саналат. Мурувватка ылайык болбогон ысырап танзихан макрух.

Ысырап – мал-мүлктү жок кылуу, зыян келтирүү, пайдасыз абалга түшүрүү, пайдалуу болбой тургандай сарптоо.

Хадиси шарифте мындай делген:

«Үнөмдөгөн адам байыйт, ысырап кылган адам кедейлешет.» (Беззар)

Ысырап менен сараңдыктын ортосу үнөмдүүлүк же жоомарттык деп аталат. Хадиси шарифте мындай делген:

«Үнөмдөгөн адам кыйынчылык көрбөйт.» (Таберани)

«Куткара турчу үч нерсенин бири – бар кезде да, жок кезде да, байлыкта да, кедейликте да үнөмдөө.» (Байхаки)

«Үнөмдөө – тиричиликтин жартысы.» (Хатиб)

«Үнөмдөп жумшоо күн көрүүнүн жартысы.» (Дайлами)

«Күн көрүүдө үнөмдөө – пайгамбарлыктын жыйырмадан бири.» (Абу Давуд)

«Кыяматта бардык адамдар мына бул төрт суроого жооп бермейинче эсептен кутула алышпайт:

1-Өмүрүн кантип өткөрдү?

2-Илими менен кантип амал кылды?

3-Мал-мүлкүн кайдан, кантип тапты жана кайда жумшады?

4-Денесин кайда чарчатты, кайда тоздурду?» (Тирмизи)

Ысырап сараңдыктан да жаман

Динибизде абес, кажетсиз нерселерди кылуу жаиз эмес. Мисалы, боштон бош кагазды чиймелеп отуруу ысырап жана абестик. Мында бир нече ысырап бар. Убакыт, эмгек, кубат, кагаз, калем, сыя. Баарынан маанилүүсү пайдалуу нерсе менен алектенбөө.

Эгер дүнүйөдөгү бардык адамдардын бошко өткөргөн убакыты, кубаты жана эмгеги эсептеле турган болсо дүнүйөдө ачкалык жана жокчулук ичинде кыйналып жаткан миллиондогон адамдын муктаждыгын кетире турчу керектүү нерселерди өндөрүүгө боло эле.

Ысыраптын көлөмү канча болсо да зыяны чоң. Кичине деп саналган нерселерди бириктирген кезде чоң сандар чыгат. «Көп түкүрсө көл болот» деген макалды билсек керек. Мүнөтүнө он тамчы суу чыгарган крандан айына 170 литр суу талаага кетет экен.

Самави диндердин бардыгында Аллаху таала жаман мүнөздөрдөн болгон ысырапка тыйуу салган. Динибизде сараңдыктын ысыраптан көбүрөөк жамандалуусу ысыраптын сараңдыктай жаман эместигин көрсөтпөйт. Сараңдыктын көбүрөөк жамандалуусу адамдардын мал-мүлк жыйноого маш болуусунан. Ысыраптын жамандыгын билдирүү үчүн Аллаху таала мындай деп буюрган:

«Жегиле, ичкиле, бирок, ысырап кылбагыла! Аллаху таала ысырап кылгандарды албетте жакшы көрбөйт.» (Араф 31)

«Ысырап кылба! Ысырап кылгандар шайтандын боордоштору.» (Исра 26, 27)

«Ысырапчыларды оопат кылдык.» (Анбия 9)

«Мал-мүлктөрүн ысырап кылгандарга эч нерсе бербегиле!» буйругу менен ысырапчыларды жаман түрдө сыпаттап, «Мал-мүлкүңөрдү сафихтерге (кумары, напси үчүн акча чачкандарга) бербегиле», – деп буюрулган. (Ниса 5)

Ысырап да кылбоо керек, сараңдык да кылбоо керек. Булардын ортосунда болуу керек. Бул – үнөмчүлдүк деп аталат. Жоомарттык деген сөз – мал-мүлктү үнөмдөп колдонуу деген сөз. Аллаху таала: «Сараң болбо, ысырап да кылба!» – деп буюрган. (Исра 29)

Жоомарттарды мактоодо мындай деген: «Алар жумшаган кезде ысырап да кылышпайт, сараңдык да кылышпайт. Экөөнүн ортосунда орто жолду кармашат.» (Фуркан 67)

Хадиси шарифте мындай делет:

«Ичип-жегиле, кийингиле жана садага бергиле. Бирок, ысырап жана текеберликтен сактангыла!» (Бухари)

Ысыраптын зыяндары – ысырап кылгандардын шайтанга, фараонго, хазрети Луттун жаман коомуна окшотулуусу жана Аллаху тааланын буларды жакшы көрбөөсү жана буларды сафих деп айтуусу жана акыретте азап тартуулары, дүнүйөдө төмөн, муктаж абалга түшүүлөрү жана өкүнүүлөрү.

Ысыраптын жаман болуусунун биринчи себеби мал-мүлктүн кадырлуу болуусунда. Мал-мүлк Аллаху тааланын берген ниматы. Акырет үчүн көп сооп жыйноо, ибадат кылуу мал-мүлк аркылуу жүзөгө ашат. Дүнүйө менен акырет мал-мүлк менен оңой болот. Ажылык, жихад сооптору мал-мүлк аркылуу алынат. Дененин сактыгы, кубаттуу болуу акчага, мал-мүлккө таянат. Өзгөгө муктаж болуудан коргой турчу нерсе дагы мал-мүлк. Садага берүү, туугандар менен аралашуу, аларга камкордук кылуу, кедейлерге жардамдашуу мал-мүлктүн аркасында боло турчу дүнүйө. Мечиттер, мектептер, ооруканалар, жолдор, суу түтүктөрү, көпүрөлөрдү салып адамдарга кызмат кылуу дагы мал-мүлк менен ишке ашат. Пайгамбарыбыз: «Адамдардын эң жакшысы – пайдасы адамдарга көп тийгени», – деген. (Кудаи)

Адамдарга көмөктөшүү үчүн эмгек кылып акча табуу нафил ибадат кылуудан да чоң сооп. Жаннаттын бийик даражаларына мал-мүлк менен кол жеткирилет. Мал-мүлк ушунчалык кадырлуу болгону үчүн ысырап кылуу жаман. Хадиси шарифтерде мындай делинет:

«Аллаху таала бир кулуна мал-мүлк жана илим берсе, бул кул да харамдардан качып, туугандарын кубантып, мүлкүнөн акысы (үлүшү) болгондорду билип акысын берсе Жаннаттын бийик даражаларына жетет.»(Тирмизи)

«Мына бул эки нерсенин бирөөнө жеткен адамга суктансаң болот. Биринчиси Аллаху тааланын бир адамга Ислам илимдерин ихсан кылып, ал дагы ар бир аракетин ошого ылайык кылат. Экинчиси – Аллаху таала бирөөнө көп мал-мүлк берип, бул адам дагы мал-мүлкүн Аллаху тааланын ыраазы болгон, жактырган жерлерине жумшайт.» (Муслим)

«Жакшы адамга мал-мүлктүн жакшысы өтө сонун жарашат.» (Барика)

Суфйан Севри хазреттери: «Бул заманда мал-мүлк адамдын куралы. Адам жанын, ден-соолугун, динин, абыройун мал-мүлк менен коргойт», – деген. Чоң сооп болгон мал-мүлктү ысырап кылуу болсо Аллаху тааланын ниматын тебелегендик, кадырын билбөө, колдон чыгаруу, б.а., жакшылыкты түшүнбөгөндүк, шүгүр кылбагандык болот. Бул болсо ниматты берүүчүнүн азап берүүсүнө себеп боло турчу чоң күнөө. Ниматтын кадары билинбесе, акысы сакталбаса колдон чыгат. Шүгүр кылынып, акысы сакталса колдо калат жана көбөйөт. Аллаху таала: «Шүгүр кылсаңар берген ниматтарды көбөйтөмүн», – деп буюрууда. (Ибрахим 7)

Ар түрдүү ысыраптар

Ысырап дегенибиз мал-мүлктү жок кылуу, зыян келтирүү, пайдасыз абалга түшүрүү, динге дана дүнүйөгө пайдалуу болбой турган түрдө жумшоо деген сөз. Мүлктү деңизге, кудукка, отко жана колдон кетүүсүнө себеп боло турган жерлерге таштоо, аны жок кылуу деген сөз. Колдонулбай турган абалга түшүрүү, сындыруу, кесүү, жемиштерди, эгинди жыйнабай чиритүү, малдарды сууктан, уурудан корголо тургандай жерде кармабоо жана сууктан, ысыктан жана ачкалыктан өлбөй тургандай жем-суусун бербөө, карабоо да жок кылууга жатат, мунун баары ысырап болот. Күнөө кылуу үчүн жана күнөө кылынуу үчүн берилген мал-мүлк, акчалар да ысырапка жатат.

Эгин жана жемиштерди жыйнагандан кийин буларды туура сактабай бузулуусуна, ным басып чирип кетүүсүнө же курт, күбө сыяктуу жандыктардын жеп курутууларына жол берүү да ысырап болуп саналат. Нан, эт, шорпо сыяктуу азыктардын, дарбыз, пияз сыяктуу жемиштердин, мейиз, өрүк, алма кактары сыяктуу кургатылган жемиштердин, буудай, арпа сыяктуу дандардын жана кийим-кече, кездеме, китеп сыяктуу буюмдардын ушундай ысырап кылынып жаткандыгы көп көрүнүүдө.

Дасторкон жана столдун үстүнө түшкөн нан жана күкүмдөрүн жыйнабай таштап салуу дагы ысырап. Буга окшогондорду ит-мышыкка, тоокко, малга, куштарга жана кумурска сыяктуу жандыктарга берүү ысырап болбойт. Тамак бышырарда буурчак, күрүч, нокот сыяктуу дандарды жууганда төгүү жана төгүлгөндөрдү жыйнап албай таштап жиберүү да ысырап. Кийим-кече, бут кийим сыяктуу буюмдарды туура колдонбой, аларды эскиртүү, тез түгөтүү, жыртуу, жууган кезде самынды, айнаны көп колдонуу, светти, газды бошко күйгүзүп койуу да ысырап болуп саналат.

Мал-мүлктү наркынан төмөн сатып же ижарага берип жана наркынан жогору баага сатып алып алдануу да ысырап болот. Мындай соода-сатыкка мажбур болсо же көмөк берүү, садага сыяктуу ниет менен мындай кылса ысырап болбойт.

Курсагы ачпай туруп же тойгондон кийин да ашыгы менен жеш ысырапка жатат. Бирок, конок уялбасын деп үй ээсинин тойгондон кийин да жегени жана орозону кыйналбай кармоо үчүн соор маалында ашыга менен жегени ысырап болбойт. Даамдуу тамактарды жеш, баалуу, жаңы кийимдерди кийүү, чоң имарат салуу жана харам болбогон дагы ушул сыяктуу нерселер халалдан табылып, текеберлик жана мактануу үчүн болбосо ысырап эмес. Акыретти табууну каалагандарга керек болгон өлчөмдөгү нерсеге канаат кылып, артыгын жакшылыкка жумшоо жарашат.

Садага берүүдө дагы ысырап бар. Хазрети Сабит бин Кайс бир бергенде 500 бактагы хурмалардын баарын садага кылып берип, өз үйү үчүн эч нерсе калтырбаганда (Бардыгын бербегиле) деп аят түштү.

Карызынан артык көп мал-мүлкү болбогон, бала-чакасы кыйынчылыкка сабыр кыла албай турган болсо булардын муктаждыгын камсыздай турганчалык мал-мүлктөн артыгы жок же кыйынчылыкка чыдай албай өзү муктаж абалда болгондун садага берүүсү ысырап болот.

Ысыраптын себептери

1-Сафахат (ысырапкорлук, жөн жерге оокатты чачуу, акчаны сарптоону билбөө): Көп адамдарды ысырапка көндүргөн оору. «Сафих»тик – акылдын аздыгы жана жеңил ойлуулугу. Мунун тескериси рушд деп аталып, акылдын кубаттуу болуусу. Аллаху таала: «Мал-мүлкүңөрдү ысырапкорлорго бербегиле!» дегенден кийин: «Алардын абалында рушд көрсөңөр мал-мүлкүңөрдү аларга тапшыргыла!» – деп буюрууда. (Ниса 5, 6)

Кээ бирөөлөр сафих (ысырапкор) болот. Эмгексиз келе турган акчага көнгөн жаман достор тарабынан алданат. Ошондуктан, жаман достордон оолак жүрүүбүз буйрук кылынган. Кээ бир байдын балдары ушундайча ысырапка көнүп, сафих болууда. Ысырапкорлукка, чачыла берүүгө кынык алдыра турчу дагы бир себеп – айланасынан сый-урмат көрүү жана мактоо алуу.

2-Ысырапты жана анын түрлөрүнүн бир нечесин билбегендик: Ысырап экендигин билбей, жада калса, жоомарттык деп ойлоп керексиз, зыяндуу жерлерге мал-мүлктүн жумшалуусу.

3-Рия, көрсөтүү, мактануу.

4-Көңүл коштук, жалкоолук.

5-Уялчаактык, тартынчаактык.

6-Диндин өкүмдөрүн карманбоо.

Комментарий жиберүү