Венесуэланын армиясы америкалык учакты атып түшүрдү

Венесуэланын аба күчтөрү бүгүн эртең менен баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн колдонулган делген америкалык учакты атып түшүрдү.

Бул тууралуу Венесуэланын армиясынан маалымдашканын “ISNA” агенттиги “Sputnik” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган өлкөнүн армиясынын берген маалыматында Венесуэланын аба мейкиндигин коргоо системалары бүгүн эртең менен өлкөнүн аба мейкиндигине кирип келген америкалык каттоо номери бар учакты аныктап, коопсуздук протоколдорунун негизинде аскер учактарын колдонуп, аны атып түшүргөнү айтылат. 

Венесуэланын Улуттук куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык операциялар боюнча командалык борбору америкалык учак өлкөнүн аба мейкиндигин бузуп киргенден кийин атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Маалыматтарда учак “Hawker 800” үлгүсүндөгү учак болгону айтылууда.

Комментарий жиберүү