Зыяратчыларга ажылык учурунда Каабага кол тийгизүүгө тыюу салынат

Сауд Арабия бийлиги ажылык учурунда зыяратчыларга Ыйык Каабага кол тийгизүүгө тыюу салды.

 Бул тууралуу Саудиянын медиасы өлкөнүн Ажылык жана Умра министрлигине шилтеме берүү менен Islam today агенттиги билдирди..

Белгилей кетсек, Арабия бийлиги Каабанын тегерегине атайын тоскоолдуктарды коюу менен зыяратчылардын ыйык ташка кол тийгизүүлөрүнүн алдын алат.
Мындан тышкары, ар бир жөрөлгө учурунда 50дөн ашык эмес адамдан турган ажылардын чакан тобу гана катыша алат. Ажылар медициналык беткап кийип, аралыкты сакташы зарыл. Ошондой эле Арафат дөбөсүнүн жанындагы чатырлардын ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактоо керек.
 Мекке шаарындагы мечиттин аянтында жайгашкан Замзам суусу зыяратчыларга бир жолку пайдалана турган идиш-аяктар менен алынып берилет.
Эске салсак, Сауд Арабиясынын бийлиги коронавирустун айынан быйыл ажылык сапары чет өлкөдөн келген зыяратчылардын катышуусуз өтөөрүн жана ага он миңден ашык адам катыша албасын жарыялаган.
 Быйыл ажылык сапары 28-июлдан 2-августка чейин белгиленген. Сауд Арабиясы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча араб өлкөлөрүнүн арасында дагы эле биринчи орунда турат, учурда 217 миңден ашуун болуп, чалдыккандардын арасынан 2017си курман болгон.

Комментарий жиберүү