Иран менен Сирия аскердик жана коопсуздук тармагында кызматташуу келишимине кол коюшту

8-июлда Сирия менен Иран Ислам Республикасы аскердик жана коопсуздук кызматташтыгын чыңдоо боюнча ар тараптуу келишимге кол коюшту.

«Mehr News» маалымат агенттиги кечээ, шаршемби күнү “SANA” агенттигине шилтеме берип, Сирия жана Иран Ислам Республикасы аскердик жана коопсуздук кызматташтыгын чыңдоо боюнча ар тараптуу келишимге кол коюшканын маалымдаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимге Сириянын Коргоо министри, өлкө армиясынын жана Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командиринин орун басары генерал Али Абдулла Аюб жана Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Биргелешкен штабынын башчысы генерал Мухаммад Багеринин катышуусунда кол коюлду.

Эки тарап биргелешкен билдирүүсүндө, алар ар тараптуу өсүп келе жаткан кыйынчылыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн айрым регионалдык жана эл аралык державалардын колдоосундагы такфиристтик терроризмге каршы күрөшүүнү улантуу үчүн эки тараптын ортосундагы координацияны улантууну баса белгилешкенин билдиришти.

Ошондой эле, Генерал Али Абдулла Аюб генерал Багери менен биргелешкен маалымат жыйынында: “Сирия-Иран мамилелери стратегиялык жана бекем”, – деп баса белгилеп, “Кысып жаткан кысымдарга жана коркунучтарга карабастан, эки тараптын ортосундагы аскердик жана коопсуздук кызматташтыгы уникалдуу жана бардык тармактарда улантылууда. Улуттук принциптерди сактоо менен биз бардык жаңы чакырыктарга каршы турабыз. Биз согуштун ушул жаңы бөлүмүн бардык сириялыктардын күчү менен жана терроризмге каршы күрөшкө бекем турган бир туугандарыбыздын, досторубуздун жана союздаштарыбыздын кызматташтыгы менен жеңебиз “, – деп билдирди.

Ал эми генерал Багери дагы өз кезегинде, “Аймактын элдери, каршылык огу, Иран Ислам Республикасы жана Сирия аскердик, коргонуу жана коопсуздук мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү”, – деди.
Мынданы тышкары, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын башчысы: “Кызматташтык келишимдеринин процесси улантылууда жана бул макулдашуулар биздин биргелешкен кызматташууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдеди”, – деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, кечээ генерал Багери генерал Али Абдулла Аюбдун чакыруусу боюнча жогорку даражалуу аскер делегациясы менен Дамаскка барган.

Комментарий жиберүү