Орусия Сирияга гумжардамды борбордук өкмөт менен макулдашпай туруп жөнөтүү чечимине вето койду

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирия боюнча резолюциясына вето койду.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун билдирүүсүнө караганда, Москва 8-июлда эртең менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирияга гуманитардык жардамды борбордук өкмөт менен макулдашпай туруп жөнөтүү боюнча резолюциясына вето койду.

Ошондой эле Кытай Сириянын эгемендигин бузган резолюцияга каршы добуш берген.
Белгилей кетсек, 7-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров германиялык кесиптеши Хайко Мосс менен телефон аркылуу Жакынкы Чыгыштагы ар кандай маселелер, анын ичинде Сириядагы окуялар жөнүндө сүйлөшкөн.

Бул телефондук сүйлөшүүдө өлкөнүн бардык аймактарындагы сириялыктарга гуманитардык жардамдарды саясатташтыруусуз,  дискриминациясыз жана алдын ала шарт коюсуз өткөрүлүүсүнө байланыштуу маселелер каралды.

Орусия жана Германиянын министрлери Коопсуздук Кеңештин Сирияга гумжардамдарды чегарадан өткөрүп берүү боюнча көз карашын талкуулашты. Лавров гуманитардык жардамдар жер жүзүндөгү кырдаалга жана адам укуктарынын нормаларын сактоого ылайыкташтырылышы керектигин белгиледи. Ал: Бул чечим Дамаскка байланыштуу », – деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү