Сеулдун мэринин сөөгү табылды

Түштүк Кореянын борбор калаасынын полициясы Сеул шаарынын мэринин сөөгүн анын дайынсыз жоголгону тууралуу кабардан кийин тапканын билдирди.

Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматы боюнча, Түштүк Кореянын маалымат каражаттары Сеул полициясына таянып, шаардын мэри Пак Вонсун денеси табылганын кабарлады.
Белгилей кетсек, Сеул полициясы 9-июлда эртең менен Пак Вонсундун кызы полицияга чалып, атасынын дайынсыз жоголгонун билдиргенин кабарлаган. Ал ортодо, Сеулдун муниципалдык кызматкери Пак Вонсун ал күнү эртең менен жумуш жайында жок экендигин ырастаган.

Эске салсак, Пак Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин партиясынын мүчөсү болгон, 2011-жылдан бери Сеул шаарынын мэри болуп шайланып келген жана жакында 2022-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган.

Комментарий жиберүү