Башар Асад: Сирия менен Ирандын ортосундагы аскердик келишим эки тараптуу мамилелердин деңгээлин көрсө түптурат

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал Багери Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушту.

Эл аралык Tasnim News агенттигинин Al-Mayadin жаңылыктар тармагына шилтеме жасап билдиргенине караганда, Башар Асад Ирандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал Багери менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге жогорку баа берди.
Сирия президенти мындай деди: “Иран менен Сириянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишим эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен көп жылдык иштин натыйжасы.”
Жолугушуунун жүрүшүндө Генерал Багери Ирандын Сирия менен ар кандай тармактарда эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жараянын улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул мамилелер Иран жана Сирия мамлекеттери үчүн пайдалуу экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Сириянын Коргоо министри Али Аюб жана Иран Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мухаммад Багери 8-июлда Иран-Сириянын ар тараптуу аскердик кызматташууну кеңейтүү боюнча бир катар келишимге кол коюшкан.

Аль-Маядиндин маалыматында, келишим аскердик жана коопсуздук алакаларын чыңдоого жана эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы координацияга негизделген.

Комментарий жиберүү