Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөө тобу Кытайга кетишти

Жума күнү Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөө тобу коронавирустун келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга кетишти.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
“Reuters” агенттигинин маалыматына ылайык, ДССУнун басма сөз катчысы Маргарет Харрис кытайдын окумуштуулары менен кызматташып, коронавирустун келип чыгышын иликтөө үчүн эки эксперт, бир зоолог жана бир эпидемиолог бул өлкөгө жөнөп кетишти деп билдирди.
Ал изилдөөлөр көзкарандысыз жүргүзүлөрүн баса белгилеп, “Алар жөнөп кетишти. Алар бул маселени карай турган тандалма топ болуп эсептелет”, – деп билдирди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус бейшемби күнү коронавирусту кантип көзөмөлдөө керектигин изилдөө үчүн комитет уюм жана ар кандай өкмөттөр тарабынан түзүлөрүн билдирген.
Ошондой эле, Гебрейесус “Дүйнөнүн бардык элдерине таасир эткен бул глобалдык эпидемия сөссүз түрдө анын масштабына пропорциялуу чынчылдык менен текшерилиши керек”, – деди.
ДССУнун башчысы өткөн аптада коронавирустун келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга эксперттерден турган бир топ жиберүүнү пландап жаткандыгын жарыялаган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян өлкө президентинин сөзүнө таянып, “Пекин коронавирустун келип чыгышы жана анын жугуу жолдору боюнча эл аралык изилдөөлөрдү колдойт”, – деп билдирген.
Коронавирустун чыгышына Кытайды күнөөлөгөн АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Кытайды колдоп жаткандыгы үчүн өз өлкөсү бул уюмдан чыкканын жарыялады.

Комментарий жиберүү