Орусия менен Кытай Сириядагы террористтерди колдогон резолюцияга вето койду

Орусия жана Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШ менен Британиянын Сириядагы террористтик топторду колдо максатында “Сирияга гуманитардык жардам жиберүү жана жайылтуу” деген жамаатка үндөгөн резолюциясына вето койду.

Tasnim News тобунун билдирүүсүнө ылайык, Орусия менен Кытай Коопсуздук Кеңешинин сунуш кылган “Сирияга гуманитардык жардамды эки чек ара аркылуу өткөрүп берүү” тууралуу резолюциясына каршы добуш беришти.
Белгилей кетсек, бул резолюциянын алкагында АКШ жана Британия гуманитардык жардам деген шылтоо менен Сириянын Идлиб провинциясындагы союздаш террордук жана такфирдик топторун колдоого аракет жасашууда.
“Бул резолюция Сириянын бүтүндүгүн бузат”,- деп билдиришкен Орусия менен Кытайдын  БУУдагы өкүлдөрү.

Комментарий жиберүү