Чубак ажы дүйнө салды

Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов дүйнө салды. Бул тууралуу Sputnik агенттиги маалымдады. Кабарды Кыргызстандын ислам университети тастыктады.

Маалыматта аалымдын түндө оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ошол жактан үзүлгөнү айтылат.

Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

Комментарий жиберүү