БУУ саудиялык журналист Хашоггинин өлүмүнө негизги шектүү адамды атады

БУУнун соттон тышкаркы жазалоолор боюнча атайын баяндамачысы Агнес Калламар Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман саудиялык журналист  Жамал Хашоггинин өлүмүнө негизги шектүү адам экенин билдирди.

Бул тууралуу «Pars Today» агенттиги кабарлады. «Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы сауд бийлигин сындаган журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө катыштыгы бар», – деп билдирди Калламар. Анын айтымында, Түркияда Хашоггинин өлүмү боюнча иш айыпталуучуларсыз эле каралып жатат, анткени Сауд Аравия бул иш боюнча айыпталып жаткандарды Түркияда соттолушуна жол бербей жатат. 

Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген саудиялык журналист жана Американын “The Washington Post” басылмасынын колумнисти болгон Жамал Хашогги  2018-жылдын 2-октябрында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда Эр-Рияддан келген 15 агенттин колунан өлтүрүлгөн.

Комментарий жиберүү