Коронавируска каршы Кытай чыгарган вакцина төрт өлкөдө сыналат

Кытайдын «CanSino Biologics» компаниясы COVID-19 инфекциясына каршы иштеп чыккан вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосун Орусия, Бразилия, Чили жана Сауд Аравияда баштоо үчүн бул өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги CGTN телеканалына шилтеме берип кабарлады. «CANSINO» компаниясынын аткаруучу директору жана түзүүчүсү Цю Донгсу Сучжоуда өткөн вируска каршы препараттарды иштеп чыгаруу боюнча конференциянын жүрүшүндө «Биз Орусия, Бразилия, Чили жана Сауд Аравия менен коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү фазасын алга жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», – деп билдирди.

Бул вакцина Ad5-nCov деп аталат.  Аталган вакцинанын клиникалык сыноосунун биринчи фазасын баштоого 17-мартта уруксат берилген. Вакцина Пекиндин Биотехнология институтунун профессору Чэнь Вэйдин жетекчилиги астында иштелип чыккан.

CanSino Biologics компаниясынын аткаруучу директору COVID-19 вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосу жакын арада 40 миң ыктыярчынын катышуусу менен башталарын баса белгиледи.

Комментарий жиберүү