Изилдөөчүлөр: Бет кап менен 90 пайызга чейин коронавирустан сактанса болот

Жаңы изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, эгерде социалдык аралык сакталса, бет кап колдонуу коронавирустун коркунучун 90 пайызга чейин азайтат.

«Fars News» агенттиги “Daily Mail” гезитинин маалыматына ылайык, жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы бет кап колдонуу коронавирус жуктуруп алуу коркунучун 65 пайызга чейин азайтарын көрсөттү.
Саламаттыкты сактоо адистеринин айтымына караганда, коронавирустун жугушунун эки негизги жолу бар, биринчиси жөтөлүп же чүчкүргөндө, экинчиси – сүйлөшүп жатканда абага чачыраган аэрозоль бөлүкчөлөрү аркылуу жугат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бет кап эки бөлүкчөнүн тең кирүүсүнө жол бербейт жана адамды оорудан сактайт.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, бет кап кийүү вируска чалдыгуу коркунучун 65 пайызга төмөндөтөт жана эгер социалдык аралык сакталса турган болсо, анда 90 пайызга чейин сактай алат. Ошентип, окумуштуулар бет кап кийүү COVID-19 оорусун азайтууга мүмкүндүк берерин аныкташты.

Буга чейин изилдөөчүлөр бет кап кийүү вирусту башкаларга жуктурбоо үчүн пайдалуу деп эсептешкен. Бирок, кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, бет кап оорулуу адамдан вирустун жайылышын алдын алып эле койбостон, ден-соолугу чың адамдарды ооруну жугузуп алуудан дагы сактайт.

Комментарий жиберүү