Садерс: Трамп үчүн беткап кийүүгө кеч болуп калды

Трамптын каршылашы президенттин акыры эл алдында маска кийип чыгуусун кечиккен кадам катары сүрөттөдү.

ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, Дональд Трамптын сынчысы сенатор Берни Сандерс, президенттин короновирус пандемиясына карата жүргүзгөн ийгиликсиз саясатынан улам миңдеген адамдардын өмүрү кыйылганын билдирди.

Ал Трамптын эл алдында чыкканда беткап кийгенин кечиктирилген иш-аракет катары сындап, америкалыктарды 2020-жылы ноябрда өтө турган шайлоодо Трампка добуш бербөөгө үндөгөн.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Мэриленд штатындагы Уолтер Рид ооруканасына барганда беткап кийүүгө аргасыз болгон жана бул анын эл алдында алгачкы жолу беткап кийип чыгуусу эле.

Эске салсак, акыркы сурамжылоо боюнча, АКШнын президенти Дональд Трамптын коронавирустун жайылышын контролдоо  боюнча иш аракети натыйжалуу болгон эмес жана анын ден-соолукка олуттуу маани бербегендигин көрсөткөн.

Комментарий жиберүү