Түркмөнстанда жарандар медициналык беткап кийүүгө милдеттендирилди

Түркмөнстан Республикасында кечээ, 13-июлдан тартып милдеттүү түрдө жарандар беткап кийүүсү керектиги айтылды.

“Ehokg” агенттигинин маалыматына ылайык, Түркмөнстанда маска режимин киргизүүгө абадагы чаңдын көбөйүшү себеп болду деп билдирет Arzuw NEWS маалымат ресурсу.
Эми Түркмөнстандын жарандары дем алуу органдарын коргоо үчүн коомдук жайларда медициналык беткап кийип жүрүшү керек.

“Turkmen news” басылмасы мамлекеттин укук коргоо органдарынын кызматкерлери катуу сүйлөмөлөр аркылуу жарандарга үйдөн чыкканда беткап кийүү керектиги жөнүндө айтып жатышканын билдирди.
Ошондой эле, бардык транспорт каражаттарынын айдоочулары, унаалары менчик экенине жана жүргүнчүлөрдүн санына карабастан маска кийүүгө милдеттендирилди.

Зарыл болсо масканы укук коргоо органдарынан 1 манатка сатып алууга болот. Мындан тышкары, азыр республикада бир нече жолу колдонула турган маскалар жигердүү тигиле баштады.

Буга чейин “Метеожурнал” метеорологиялык басылмасы Түркмөнстан республикасында абада мамлекеттик маалымат каражаттары  жарыялагандай ашыкча чаң табылган жок деп билдирген.

Айрым журналисттер беткаптарды колдонуунун зарылдыгын ДССУнун миссиясынын Түркмөнстанга болгон иш сапары менен байланыштырышууда.

Комментарий жиберүү