Эрдоган Айя-Софияны мечитке айландыруу тууралуу жарлыкка кол койду

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы Айя-Софияны мечитке айлантуу боюнча жарлыкка кол койгонун билдирди.

IQNA IR агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын президенти  Твиттерде өзүнүн жарлыгынын сүрөтүн жарыялады.
Белгилей кестек, президенттин бул жарыясында Айя-Софияны мечитке айлантуу менен 24-июлдан баштап ал жай сыйынуу үчүн бардык жергиликтүү жана чет өлкөлүк мусулмандарга ачык болоорун билдирген.

Эске салсак, Түркиянын Мамлекеттик Кеңеши (Жогорку Административдик Сот) мурдараак 1934-жылы кабыл алынган Стамбулдагы Айя-София музейине айлантуу чечимин жокко чыгарган.

Бул боюнча Түркиянын ТИМ жетекчиси Мевлүт Чавушоглу өз өлкөсү башка мамлекеттердин көз карашын эске албастан, музейди же чиркөөнү мечитке айландырууга толук укуктуу экенин баса белгилеген.

Айя София 537-жылы 27-декабрда ачылган жана миң жылдан ашуун убакыт бою христиан дүйнөсүндөгү эң ири ибадаткана болгон. Кийин 1453-жылы Осмондордун Константинополду басып алып, Византия империясынын кулашынан кийин, чиркөө мечитке айланган. Бирок 1934-жылдан бери имарат заманбап түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Кемал Ататүрктүн буйругу менен музей болуп, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Комментарий жиберүү