Адам укугун коргоочу уюмдар Израилди жазалоону талап кылышты

Адам укугун коргоочу 83 уюм Израилди палестиналык жаштарды атайылап өлтүргөндүгү үчүн жазалоону талап кылышты.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. “Al-Quds Al-Arabi” басылмасы маалымдагандай, Адам укугун коргоочу бул уюмдар биргелешкен билдирүүгө кол коюу менен Бириккен Улуттар Уюмун жакында эле израилдик күчтөр тарабынан атып өлтүрүлгөн 26 жаштагы палестиналык Ахмад Мустафа Эрекаттын өлүмүн иликтөөгө чакырышты.

Биргелешкен билдирүүгө палестиналык 35 уюм, аймактык 4 уюм жана эл аралык 43 уюм кол койду. Алар БУУну Израилди палестиналыктардын укугун бузуп, Палестина элин өлтүрүүгө ок аткандыгы үчүн  жазалоого чакырышты. 23-июнда израилдик күчтөр палестиналык Ахмад Мустафа Эрекатты Иерусалимдин чыгыш тарабынада жайгашкан Абу-Дис районунан эч кандай себепсиз атып өлтүргөн.

Адам укугун коргоочулардын билдирүүсү боюнча, Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Ахмад Эрекаттын өлүмү – атайылап өлтүрүү жана аскердик кылмыш болуп саналат. Биргелешкен билдирүүгө кол койгон уюмдар ошондой эле палестиналыктардын атайылап өлтүрүлүшү сионисттик режимдин апартеид системасын сактап калуу үчүн жүргүзгөн систематикалык саясаты экендигин жана бул маселени Бириккен Улуттар Уюму расмий таанышы керек экендигин баса белгилешти.

Эске салсак, израилдик күчтөр буга чейин дагы палестиналык акыл-эси кем Ияд Аль-Халакты Иерумалимдин эски бөлүгүндө жайгашкан Баб аль-Асбат районунан атып өлтүргөн.

Комментарий жиберүү