Зариф Азербайжан менен Арменияны сабырдуулукка чакырды

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф азербайжандык кесиптеши Эльмар Мамедъяров жана армениялык кесиптеши Зограб Мнацаканян менен телефондон сүйлөшүп, аларды сабырдуулукка чакырып, эки өлкөнүн ортосундагы талаштарды тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүнү сунуш кылды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Зариф Иран Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалууну токтотууга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Зариф Азербайжан менен Армениянын күчтөрүнүн акыркы кагылышуусунан кийин кечээ, 14-июлда кечинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшүп, аларды сабырдуулукка чакырды.

12-июлда Азербайжан менен Армениянын чек арачыларынын ортосунда адам өлүмү менен коштолгон кагылышуу болгон.

Комментарий жиберүү