Трамп дагы бир дүйнөлүк уюмдан чыгууга даяр

Трамп: “АКШнын Дүйнөлүк Соода Уюмуна катышуусу эң жаман келишимдердин бири.”

IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Трамп NAFTA келишими АКШнын тарыхындагы эң начар келишим деп билдирип, мындан ары андан да жаман болушу мүмкүн деди.
“Акыркы жылдары Кытай жана башка мамлекеттер менен болгон мамилелерибизден жүздөгөн миллиард долларларды жоготуп койдук жана бул өкүнүчтүү”,- деди Дональд Трамп.
Трамп дагы бир жолу Кытайга аскердик инвестицияларын кыскартуусун эскертип, тарифтерди көтөрүү менен коркутту.

Комментарий жиберүү