Азербайжан менен Армениянын чек ара аймактарында тынчтык орнотулду

Азербайжан менен Армениянын чек ара аймактарында бир нече күнгө созулган кандуу кагылышуулардан кийин ок атпоо режими киргизилди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Маалымат каражаттары шаршемби күнү кечинде Армения менен Азербайжандын  ортосундагы чек арадагы чыңалуулар басаңдаганын маалымдашты. Армениянын коргоо министрлиги кечээ күнү Азербайжан менен чектеш аймакта ок атууну токтотуу боюнча олуттуу бузуулар болбогонун, бир гана Азербайжан армиясынын позициясынан бир нече жолу ок атылганын маалымдады.

Армения ошондой эле өз позициясы Азербайан армиясы тарабынан аткыланбаганын билдирди. 14-июлда Армениянын армиясы Азербайжандын учкучсуз учактары чек ара аймактагы инфраструктурага чабуул койгонун маалымдаган. Азербайжандын коргоо министрлиги да шаршемби күнү ок атпоо режими одоно бузулгандыгы тууралуу билдирген жок.

Азербайжандык “Trend” маалымат агенттиги кечээ Азербайжандын чек арага жакын айылдарынын бири гана Армения тарабынан аткыланганын бирок, жабыркагандар болбогонун маалымдады. Армения армиясы 14-июлда Армениянын асманына кое берилген Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө таандык “Хермес” учкучсуз учагынын сүрөтүн жарыялаган.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабах маселеси 1988-жылы жаралып,  бул күнгө чейин чечиле элек. Азыркы тапка чейин бул аймакта болгон кагылышууларда жүздөгөн адамдар набыт болуп, жаракат алышты. Азербайжан менен Армениянын чек арасында адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдан кийин Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф шейшемби күнү кечинде азербайжандык кесиптеши Эльмар Мамедъяров жана армениялык кесиптеши Зограб Мнацаканян менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшүп, аларды сабырдуулукка чакырып, эки өлкөнүн ортосундагы талаштарды тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүгө чакырган. Ал Иран эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну токтотууга жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. 

Эске салсак, 12-июлда Азербайжан менен Армениянын чек арачыларынын ортосунда адам өлүмү менен коштолгон кагылышуу болгон.

Комментарий жиберүү