Сауд Арабиялык коалициянын Йемендеги жаңы кылмышынан набыт кеткендердин саны 25ке жетти

Жергиликтүү маалымат булактары Сауд коалициясынын Йемендин Аль-Жауф провинциясында үйлөнүү үлпөт кечесине кол салуусунан 25 адам курман болгонун маалымдашты.

“Fars News” агенттигинин эл аралык тобунун билдирүүсүнө караганда, Аль-Жауф провинциясындагы (Йемендин түндүгүндө) Сауд-Америка коалициясынын жаңы кылмыштарынан курман болгондордун саны 25тен ашкан.
Аль-Масир каналынын айтымында, Сауд Арабия коалициясынын согушкерлери бул аймакта үйлөнүү үлпөтүндө аялдар менен балдарды бутага алышкан.
Берилген маалыматтарга караштуу, “Маариб” менен “Аль-Хазм” ооруканасы окуядан жабыркаган 16 аялды жана балдарды, ошондой эле бир нече жарадарларды кабыл алган.
Эске салсак, Сауд Арабиясынын коалициясы 12-июлда Йемендин түндүгүндөгү Хаджа провинциясына кол салып,  тогуз аялды жана балдарды өлтүргөн.
Бул окуя БУУнун Сауд Аравиясын балдардын укугун бузгандардын тизмесинен чыгаргандан бир нече жума өткөндөн кийинки коалициянын кылмыштары болуп эсептелет.

Комментарий жиберүү