Дарылардын эң жакшысы

Дарылардын эң жакшысы

Суроо: Өлгөндөргө  жана оорулууларга Ясин жана Фатиха окулуп  жатат. Бул сүрөлөрдүн котормолорунда шыпаа тууралуу айтылбайт. Фатиха сүрөсүн окуп жатканда өзүбүзгө дуба кылуудабыз. Булардын шыпаа менен эмне байланышы бар? Жооп: Эмне тууралуу айтылса айтылсын, Ыйык Курандын ар бир аяты, ар бир тамгасы шыпаа. Ыйык хадисте: “Дарылардын эң жакшысы – Курани карим”, – деп билдирилди. (Ибни Мажа) Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч түрдүү дары колдончу. Курани карим же дуба окучу. Табият таануу илимдери аркылуу табылган дарыларды колдончу. Экөөнү тең аралаш колдончу. Бир ыйык…

Прочитайте больше

Бишкекте стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады

Бишкекте стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады

Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан маалымдашты. “Бактыга жараша стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Маселен, бир жума мурда күндүзгү стационарларга күнүнө 5 миңге жакын киши кайрылып жаткан болсо, кечээ, 19-июль күнү тамчылатма дары жана дарыгерден кеңеш алуу үчүн 3 миң 489 киши кайрылган, 16 адам ооруканага жаткырылган”, – деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 19-июлга карата күндүзгү стационарларга 57 миң 725 кайрылуу болгон. Алардын ичинен 38 миң 333…

Прочитайте больше

АКШ каржылаган биолабораториялар биологиялык куралдарды жаратуу жана таркатуу менен алектенишеби?

АКШ каржылаган биолабораториялар биологиялык куралдарды жаратуу жана таркатуу менен алектенишеби?

Ааламды апаат каптап, коронавирус пандемиясынан жабыр тарткандар көбөйгөн сайын америкалык биолабораториялар тууралуу кескин сындар күч алды. Тагыраагы, вирустар менен эксперименттер адамзат үчүн глобалдуу маселеге айлана баштады. Дүйнөнүн чар тарабына чачылган Американын биолабораториялары эмне менен алектенет деген маселе да барган сайын курчуп, АКШ каржылаган биолабораториялардын кооптуулугу тууралуу көбүрөөк сөз боло баштады. Себеби, дүйнө жүзүн санаага салып, канчалаган адамдардын өмүрүн алып жаткан коронавирус да Америкалык биолобораториядан чыгып тараган деген окумуштуулар арасындагы талаш-тартыш да күчөдү. Кыскасы, пандемия дүйнөнү…

Прочитайте больше

Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнө себепкер тыңчы дарга асылды

Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнө себепкер тыңчы дарга асылды

Ирандын душмандарына маалымат берип турган Махмуд Мусави Мажд акыры Коопсуздук күчтөрүнүн колуна түштү. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын чалгындоо системаларына ИИРдин жашыруун маалыматтарын жиберип турган Мусави Мажд аттуу коопсуздук тыңчысы колго түшүрүлүп, соттолгон соң 20-июлда таң эрте дарга асылды. Белгилей кетсек, ал буга чейин Моссад жана CIA чалгындоо уюмдарына Ирандын коопсуздук маалыматтарын ири акы үчүн өткөрүп турган. Анын чыккынчылыктарынын бири, маркум генерал Сулейманинин жана башка белгилүү аскер кызматчыларынын өтүп-жүрүү пландарын Американын террорчуларына жеткирген. Махмуд Мажд…

Прочитайте больше

Индия менен Непалдагы суу ташкыны 4 млн. адамды үй-жайсыз калтырды жана кеминде 189 кишинин өмүрүн алды

Индия менен Непалдагы суу ташкыны 4 млн. адамды үй-жайсыз калтырды жана кеминде 189 кишинин өмүрүн алды

Коңшу өлкөлөр Индия менен Непалда нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны 4 миллионго жакын адамды үй-жайсыз калтырып, кеминде 189 кишинин өмүрүн алды жана ондогон адамдар дайынсыз жоголууда. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Индия менен Непалда нөшөрлөп жааган жамгыр Брахмапутра дарыясынын көтөрүлүшүнө жана суу ташкынына алып келди.Индия менен Непалдын расмий өкүлдөрүнүн айтымына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн суу ташкыны учурунда болжол менен 4 миллион адамды үй-жайсыз калтырган.ЖМКлардын маалыматына ылайык, сел Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатын, Непалдын ири…

Прочитайте больше