Дүйнөдө теңсиздиктин күчөшү: коронавирус байды байыраак, кедейди жакырыраак кылды

Батыш өлкөлөрүндөгү изилдөөлөр көрсөткөндөй, коронавирустун жайылышы менен дүйнө жүзүндө социалдык жана экономикалык теңсиздик күчөдү.

Tasnim News агенттигинин маалыматы боюнча, коронавирус дагы эле дүйнөгө таасирин тийгизүүдө жана күн сайын бул вирусту жуктурган же андан көз жумгандардын саны көбөйүүдө.
COVID-19 саламаттыкка тийгизген зыяндардан тышкары, андан экономикалык жоготуулар менен кесепеттери да вирустун өзүнөн төмөн болгон жок. Вирустун чыгышына байланыштуу мунай баасы жана соода кескин төмөндөдү. Туризм жана транспортту кошо алганда, ар кандай тармактарга терс таасирин тийгизди. Көптөгөн өлкөлөрдө миллиондогон адамдар жумушунан айрылып, материалдык жактан алсырап калышкан. Ортоңку деңгээлде жашагандар менен салыштырмалуу акча топтогон адамдар жыйымдарынан колдонууга аргасыз болушту жана убакыттын өтүшү менен талаа тарып, пайда табуу талаасы тарып кетти.

Бирок абал бардыгы үчүн бирдей болгон жок, тескерисинче, кээ бир бай адамдар пандемия учурунда да өз байлыгын көбөйтүштү. Алар каражаттары аркылуу кырдаалдан азыраак зыян тартышты же жок дегенде жакшы кам көрүү жана дарылоо шарттары менен камсызданышты. Коомдун бай катмарынын жашоо шарттары жана алардын коронавирустан пайдалануулары, башкача айтканда, өлкөлөрдө социалдык теңсиздиктин өсүшү бир топ талаш-тартыштарды жаратты.

Ал эми АКШдагы экономикалык бөлүнүүнүн кесепеттери тууралуу Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс: “Эгер сен миллиардер болсоң, анда вирустан аман каласың”,- деп айткан. “Бүгүн АКШдагы киреше жана экономикалык ажырым акыркы 100 жылда болуп көрбөгөндөй болууда”,- деди Сандерс. “Керектүү нерсеңизди аласыз”,- деди ал коронавирус боюнча   байларга кайрылып. Медициналык жардам жөнүндө тынчсыздануунун кажети жок. Сиз кирешеңиз жөнүндө тынчсызданбай эле коюңуз.”
Amazon компаниясынын башкы директору жана ишкер Жефф Безос, компаниянын болжол менен 11 пайызына ээлик кылып, коронавирус убагында бизнес жана фондулук рыноктогу өзүнүн байлыгына болжол менен 24 млрд. доллар кошуп, жыйымын 138 млрд. долларга жеткирген.

Мындай абал айрымдарды коронавирусту “байлардын дарты” деп атоого түрттү. Албетте, коронавирус эле эмес, тарыхта ар кандай пандемиянын келип чыгышы менен коом класстык бөлүнүүлөргө учураганы маалым.

Төмөнкү диаграммада 1961-2007-жылдар аралыгында пандемия күчөгөндөн кийин 175 мамлекетте класстын ажырымы көрсөтүлгөн. Төмөнкү таблицада Gini коэффициентине (вертикалдуу тилке) жана эпидемиядан кийинки жылдарга (горизонталдык сызык) негизделген класстын ажырымы көрсөтүлгөн. Gini индекси же коэффициенти адамдардын байлыктын бөлүштүрүлүшүн эсептөө үчүн экономикалык көрсөткүч экендигин көрсөтөт. Өлкөдөгү жогорку коэффициент, адатта, ошол өлкөдө жогорку класстагы айырмачылыктын жана кирешелер теңсиздигинин көрсөткүчү катары каралат.

Француз экономисти Томас Пикетти 2014-жылы чыккан “Капитал” аттуу китебинде АКШдагы жана башка көптөгөн өлкөлөрдөгү экономикалык теңсиздик 1970-жылдардан бери бир кыйла жогорулаганын жазган. Пикеттинин китебине жооп катары, көптөгөн изилдөөчүлөр теңсиздик көптөгөн кесепеттерге алып келип, анын ичинде ден-соолукка олуттуу терс таасирин тийгизгенин жана коронавирус кризиси буга бир мисал болорун ырасташты.

Коронавирустук жана экономикалык, социалдык жана демографиялык факторлорду изилдөөдө Гарольд Кларк жана Пол Уитли АКШдагы кирешеси жетишпеген өлкөлөрдө коронавирус инфекциясы жана өлүмдөрдүн деңгээли жогору экендигин жазышкан.

Төмөнкү диаграммада бир топ маанилүү жагдайлар бар. Төмөнкү диаграммада АКШда калкы көп же жыш жайгашкан штаттарда ооруга чалдыгуунун жана өлүмдүн деңгээли жогору экендиги көрсөтүлгөн. Бул диаграммада ар кандай өзгөрүлмө көрсөткүчтөрдүн өлүмгө учуроо таасири көрсөтүлгөн. Ал эми саламаттыкты сактоо системасы жакшырган жана адамдык өнүгүү деңгээли жогору мамлекеттерде ооруга чалдыгуунун жана өлүмдүн деңгээли төмөн.

Комментарий жиберүү