Кытай: АКШнын Чэнду шаарындагы консулдугу жабылды

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын консулдугу жабылганын жана имарат өлкөнүн көзөмөлүнө алынганын жарыялады.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Техас шататындагы Хьюстон шаарында Кытай консулдугуна америкалыктардын мыйзамсыз кирүүсүнөн кийин, бүгүн  эртең менен (дүйшөмбү күнү) АКШнын Чэндудагы консулдугундагы желеги түшүрүлдү.

“Reuters” агенттигинин жазганына караганда, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Чэнду шаарындагы консулдугу эртең мененки саат 10до (жергиликтүү убакыт боюнча) жабылгандыгын жарыялаган.

Маалыматка ылайык, Чэндунун полициясы бүгүн эртең менен имаратка баруучу жолдорду бөгөп, төрт коопсуздук күчүн имараттын кире беришине жайгаштырган.

“China Daily” “Твиттерде” кытайдын өкүлдөрү АКШнын консулдук имаратын өз көзөмөлүнө алганын жазды. Кытайдын маалымат каражаттары Чэндудагы АКШнын консулдугундагы желеги түшүрүлгөнүн жазып чыгышты.

Өткөн аптада АКШнын Кытайга кысымды күчөтүү аракеттеринин алкагында Вашингтон Пекинге Техас штатынын Хьюстон шаарындагы консулдугун 72 сааттын ичинде жабуусуна эскертүү берген.

Андан кийин, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун жаңы тирешүүлөрү үчүн өч алуу максатында АКШнын Ченгдудагы консулдугун жабууга эскертүү берген.
АКШнын Кытайда төрт дипломатиялык имараты бар, анын ичинде Пекиндеги элчилик жана Чэнду, Шанхай жана Шэньяндагы үч консулдуктары бар.

Комментарий жиберүү