Меккеге алгачкы ажылар киришти

Быйылкы жылы ажылык сапарга барууга уруксат алган бир топ адамдар Меккеге киришти.

“ISNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, 29-июлдан тартып саламаттык эрежелерин так сактоо менен өтө турган ажылыкка Сауд Аравиясынын ичинен гана 1000 адам катышат. Алардын ичинен 700 адам бул өлкөдо жашаган чет элдик адамдар болуп эсепетелет.

Быйыл ажылык сапары коронавирустун чыгышынан улам келип чыккан дүйнөлүк кризистен улам  мурунку жылдарга салыштырмалуу өтө аз адам менен өткөрүлөт жана ажылык ибадаттары бүткөндөн кийин зыяратчылар карантинге алынары жарыяланган.

Коронавирустан айыккан эмираттык Абдулла аль-Хатири былтыркы жылы үйлөнүү тоюна дал келип калгандыктан ажылык сапарга катыша албай калган. Ал бул жылы ажылык өтөй турган зыяратчылардын катарында. Абдулла аль-Хатири, “Мурдакы жылдары ажылыкка баргандардан көп адам болгонуна карабастан, сапар жакшы өткөрүлүп келгенин угуп келем. Элестетип көрүңүз, быйыл аз сандагы зыяратчылардын катышуусу менен сонун тажрыйба болот”, – деди.

Комментарий жиберүү