Трамптын ирандык генерал Сулейманини өлтүрүү боюнча чечиминин артында ким турат?

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШнын өлкө башчысы Дональд Трампты ирандык генерал Касем Сулейманини өлтүрүүгө буйрук берүүгө көндүргөн.

Бул тууралуу “The Guardian” басылмасы жазганын  “Ir.Sputnik”  агенттиги кабарлады. “The Guardian” басылмасынын башкы редакторунун орун басары журналист Саймон Тисдал АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун коркунучтуу позициясы туурасында жазып, Помпео Трампты ирандык генерал Касем Сулейманини өлтүрүү буйругун берүүгө көндүргөн деп билдирди. “Помпео ирандык генералдын  өлтүрүлүшүн ал АКШнын кызыкчылыктарына коркунуч келтирген деп актаган”, – деп айтылат аталган басылманын билдирүүсүндө.

Саймон Тисдал мындай деп жазды: “БУУнун атайын баяндамачысы Агнес Калламар ирандык генералдын өлтүрүлүшүн мыйзамсыз деп атап,  Сулейманинин АКШга коркунуч туудургандыгы жөнүндө Помпеонун айткандарын тастыктаган эч кандай далилдер жок деп билдирген”. Анын айтымында, Помпео бир нече ай бою ирандык генерал Сулейманини бутага алууга үндөп келген жана акыры, ал Трампты ирандык генералды өлтүрүү буйругун берүүгө көндүргөн.

Ал билдиргендей, Помпео жана анын башка тарапташтары Трамптын өзөктүк келишимди бузууга жасаган аракетинен кийин Британия жана европалык союздаштарынын Иран менен байланыш линиясын ачуусуна жол бербөө максатында колунан келгенинин бардыгын жасашты. “Эми алар (Помпео жана анын тарапташтары) Израил менен Тегеранга каршы чагымчыл согуш башташты окшойт. Эгер согуш башталса, алар Британиянын колдоосун күтүшөт”, – деп баса белгиледи Тисдал.

Комментарий жиберүү