Кытайлык аткаминер коронавирустун вакцинасын өзүнө сынап көрдү

Кытайдагы Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору доктор Гао Фу кытайлык изилдөөчүлөр иштеп чыккан COVID-19 илдетине каршы вакцинаны өзүнө сынап көрдү.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Гао Фу кечээ кечинде кабарчылар менен өткөргөн онлайн маалымат жыйынында вакцинаны өзүнө сынап көрүүнүн максаты – элди вакцинаны колдонууга шыктандыруу жана аларды даярдоо болгонун билдирди. Ал коронавирустун вакцинасы күзгө чейин даяр болоруна үмүт артарын билдирди.

Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору буга чейин Кытайдын коронавируска каршы алгачкы вакцинасы сентябрь айына чейин даяр болушу мүмкүн экенин билдирген. Учурда Кытай дүйнөдөгү коронавирустун алгачкы вакцинасын иштеп чыгуу үчүн АКШ жана Британиянын компаниялары менен ат салышып жаткан чагы.

Кытайдын “Синофарм” жана “Синовак” аттуу компаниялары учурда коронавирустун эки вакцинасынын акыркы баскычын  БАЭде жана Бразилияда сынап жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда дүйнө жүзү боюнча 13 вакцина иштелип чыгууда.

Комментарий жиберүү