Сауд Аравиясында ажылык жөрөлгөлөр башталды

Бул ирет ажылык жөрөлгөлөргө  Падышалыктын 337 жашоочулары гана катышат.

Islam Today агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд Аравияда ажылык азем 28-июлда башталды.
 Быйыл коронавирус пандемиясынан улам, миңге чукул адам гана ажылыкка катышат. Муну менен алар бир катар чектөөлөргө туш болушат.

Мисалы, Сауд Аравия бийлиги социалдык аралыктын сакталышын жана санитардык-гигиеналык чаралардын күчөтүлүшүн көзөмөлдөйт.
 “Шайтанга таш ыргытуу” ырым-жырымында колдонулган бардык таштар антисептик каражаттар менен тазаланат.

Зыяратчыларга Каабага тийүүгө жол берилбейт жана намаз учурунда маска кийүү милдеттүү болот.

Эске салсак, жыл сайын ажылык сапарына дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мусулмандар катышып келген.

Былтыр, быйылга салыштырмалуу Сауд Аравияга 2,5 миллион зыяратчы келген. Ал эми быйыл ажылык амалын падышалыктын тургундары гана аткарышат.

Комментарий жиберүү