Сауд Аравияда 936 зыяратчы кармалды

Сауд Аравиянын коопсуздук күчтөрү кечээ, 29-июлда ажылык зыяратынын башталышы менен бир убакта атайын уруксаты жок хажга кирүүгө аракет кылган 936 зыяратчыны кармады.

Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги саудиялык расмий “SРА” агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Хаж коопсуздугу боюнча командачылыгынын расмий өкүлү маалымдагандай, саудиялык коопсуздук күчтөр быйылкы ажылык сапарына байланыштуу жарыяланган көрсөтмөлөрүнүн алкагында Меккедеги ыйык жерлерге уруксатсыз кирген жүздөгөн адамдарды камакка алган. Анын айтымында, саудиянын коопсуздук күчтөрү санитардык протоколдорду бузган жана ыйык жерлерге (Мина, Муздалифа жана Арафат) атайын уруксатсыз кирген 936 адамды кармаган. Ал бардык зыяратчыларды быйылкы хаж эрежелерин сактоого чакырып, Сауд Аравиянын коопсуздук күчтөрү Меккедеги ыйык жерлерге катуу коопсуздук чараларын орнотушканын билдирди.

Хаж коопсуздугу боюнча командачылыгы өткөн аптада Твиттердеги баракчасынан коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Меккедеги ыйык жерлерге кирүүгө тыюу салуулар 18-июлдан 11-августка чейин созуларын маалымдаган. Сауд бийлиги бул чечимге баш ийбегендер камакка алынып, жазага тартыларын жана бул тартипти бузгандарга 2650 доллар өлчөмдөгү айыппул салынарын жарыялган. 

Кечээ, 29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл коронавирус пандемияга байланыштуу чет өлкөлүк зыяратчыларга ага катышууга уруксат берилген жок.

Комментарий жиберүү