ЕБ Кытайга санкция киргизди

Европа Биримдиги шейшемби күнү Гонконгдогу окуяларга байланыштуу Кытайга чектелген санкцияларды киргизди.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, шейшемби күнү Европа Биримдиги Гонконгдогу аракеттерине байланыштуу санкция киргизди.
Чектелген санкциялар Кытай менен ЕБтин расмий өкүлдөрү уюмдун компанияларына Кытайдын рыногуна кеңири жана акыйкат жол ачууга мүмкүндүк берген инвестициялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү башташкан күнү киргизилди.
Бирок, Европа Бирлигинин жаңы санкциялары нааразычылык акцияларын басуу үчүн колдонула турган шаймандарды Кытайга экспорттоону чектейт.
Ошондой эле, Европа Биримдигинин өкмөттөрү Гонконгдун тургундарына виза берүү жана башпаанек берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн үстүнөн иш алып барышууда.
Мындан тышкары, ЕБ ушул жылдын аягына чейин дагы көп кадамдарга барууга ниеттенүүдө.
Кытайдын Европа Биримдигиндеги өкүлчүлүгү азырынча санкцияларга реакция кыла элек. Бирок Кытайдын биримдиктеги өкүлчүлүгүнүн өкүлү өткөн айда “Европа лидерлеринин Гонконгдогу эркиндикке жана мыйзамдын үстөмдүгүнө шек келтирүүдө деп Кытайды коопсуздук мыйзамы боюнча айыпташы фактыларды бурмалоо болду жана Кытайдын жаңы мыйзамы Гонконгдогу мыйзамдуулуктун духун бекемдейт”, – деп билдирген.
Айрым Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия жана АКШ Кытайды мыйзамды кайрадан карап чыгууга чакырышкан. Алар Пекин Гонконгдо сөз эркиндигин, митингдерди жана демонстрацияларды өткөрүү укугун сакташы керек деп билдиришкен эле.

Комментарий жиберүү