Индия Орусиядан 33 жаңы согушкер учак сатып алат

Индия Орусиядан 2,4 млрд. долларлык 33 жаңы согуштук учак сатып алууга макул болду.

“Fars News” агенттигинин эл аралык тобунун билдирүүсүнө ылайык, Нью-Дели Москванын куралдуу күчтөрү менен болгон жаңы келишимдин негизинде Сухой жана МиГ согуштук учактарын сатып алууга макул болду. Келишимге ылайык, бир катар орус-индиялык согуштук учактар дагы жаңыланат.  Индия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Индиянын аба күчтөрүнүн согуштук учактар паркына Орусиянын 12 Сухой-30 MKI жана 21 МиГ-29S согушкер учактары кошула тургандыгын жарыялады.

Белгилей кетсек, орусиялык инженерлер Индиянын аба күчтөрү тарабынан мурда колдонулган МиГ-29S моделиндеги 59 учагын жалпы суммасы 2,4 млрд. долларга жаңыртышат.

Эске салсак, Индия алгач 1980-жылдары биринчи моторлуу жеңил согушкер учактарды киргизген, эми алар XXI кылымдын алдыңкы аскердик  учактарына муктаждыгын билдиришти.

Индиянын аба күчтөрүнүн негизги таянычы болуп 270 Сухой-30С жана 65 МиГ-29С согушкер учагы саналат. Индияда ошондой эле “Мираж 2000” жана “Рафаэль” француз согушкерлери бар, буга кошумча Индиянын өзүндө жасалган Тегас учагы өлкөнүн аба күчтөрүндө дагы колдонулат.

Комментарий жиберүү