Коронавирус: Гонконгдогу шайлоо кийинки жылга жылдырылды

Гонконгдун губернатору коронавирустун жайылуу коркунучунан улам Автономиялуу аймактын Мыйзам чыгаруучу кеңешинин шайлоосу бир жылга жылдырылды деп жарыялады.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Гонконгдун губернатору Керри Лам жума күнү Автономиялуу аймактын Мыйзам чыгаруучу кеңешинин шайлоосу кийинки жылга жылдырылганын билдирди.
BBCнин веб-сайты Керри Лам шайлоонун кийинкиге жылышын коронавирустун жайылышына байланыштуу деп билдиргенин жазды.
Гонконгдо он күндөн бери катары менен коронавирус жуктуруу учурлары 100дөн ашып жатканы байкалды жана Керри Лам оорунун жаңы толкуну башталса, аймактын саламаттык сактоо системасы кыйрайт деп эскертти.

Бирок Гонконг өкмөтүнүн каршылаштары Керри Лам коронавирусту элдин добуш берүүсүнө тоскоол кылуу үчүн шылтоо катары коодонууда деп билдиришүүдө.
Кытай өкмөтү Гонконгдун губернаторунун бул кадамын кубаттап, “өтө зарыл, акылга сыярлык жана мыйзамдуу”,- деп атап, “борбордук өкмөт бул кадамды толугу менен түшүнөт жана колдойт”, – деп билдирди.

Эскерте кетсек, Улуу Британиянын колониясы болгон Гонконг 1997-жылы июлда андан бөлүнүп чыгып, Кытайдын карамагына өткөн. Бирок, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия жана АКШ, Кытай башкарган аймактын ички иштерине кийлигишүүнү улантышууда.

Комментарий жиберүү