Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 23 миң 558 кишиге жетти

Өзбекстанда “COVID-19” илдетин жуктургандар көбөйүп жатат.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус менен ооруган адамдардын саны 23 миң 558 адамга жеткенин билдирди.
Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир күндүн ичинде коронавирус жуктуруп алганы тастыкталган 287 адам катталган.

Министрликтин билдиргенине караганда, илдетти жуктуруп жаткандардын көпчүлүгү Ташкент облусунда катталып жатат.

Борбор Азияда коронавирус илдети менен ооругандардын саны чектөөлөр алынып салынгандан кийин кескин көбөйдү. Ошондуктан, аймактагы өлкөлөрдүн бийликтери өз жарандарына коюлган чектөөлөрдү кайрадан киргизүүгө аракет кылып жатышат.

Комментарий жиберүү