Дүйнөнүн 20 өлкөсү Орусиянын коронавируска каршы вакцинасына кызыкдар

Орусиянын окумуштуулары тарабынан коронавируска каршы иштелип чыккан вакцинасына дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсү кызыкдар экендигин билдиришти.

Бул тууралуу Орусиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев CNN телеканалына берген маегинде билдиргенин “Tasnim News” агенттиги кабарлады. Дмитриев белгилегендей, Орусияда өндүрүлгөн вакцина ыктыярчыларга берилгенден 21 күн өткөндөн кийин алардын 100 пайызында иммунитетти пайда кылган.

Анын айтымында, вакцина экинчи ирет берилгенде, иммунитет эки эселенет жана анын 100% натыйжасы жаныбарларда далилденген. Ал Орусиянын вакцинасы боюнча бардык маалыматтар август айында жарыяланарын жана ошол эле айда бекитилет деп күтүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле ал Орусия вакцина иштеп чыгуу жаатында ар дайым алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп келгенин белгилеп, өлкөсүндө вакцинаны бекитүү боюнча катуу мыйзамдар бар экендигин кошумчалады. Бир нече күн мурун, Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борборунда иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина клиникалык сыноолордун акыркы баскычынан өтүп жатканын маалымдашып, анын мамлекеттик каттоосу 10-12-августта өтөт деп болжолдонуп жатканын билдиришкен.

Комментарий жиберүү