Түштүк Кореяда нөшөрлөп жаан жаап, бир нече адам ылайга көмүлүп калды

Түштүк Кореянын айрым жерлеринде, анын ичинде баш калаасында нөшөрлөп жааган жамгыр бир нече кишинин өмүрүн алып кетти, бир нече адам дайынсыз болууда жана 360 адам үйсүз калды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, жекшемби күнү Түштүк Кореяда нөшөрлөп жааган жамгыр алты кишинин өмүрүн алып кетти, дагы жетөө дайынсыз болууда.
Канаданын “Global News”веб-сайтынын маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Ички иштер министрлиги нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен айрым жерлерди жер көчкү басып, турак жайларды жана жолдорду суу каптап, зыян келтиргенин билдирген.

Зыяндын көпчүлүгү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарына жана анын борбордук аймактарына келтирилген. Түштүк Кореянын Ички иштер министрлиги алты адамдын кандайча каза болгонуна токтолгон эмес, бирок жергиликтүү маалымат каражаттары алар ылайга көмүлүп же суу ташкынына чөгүп өлүшкөнүн билдиришти.

Ошондой эле, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 6 адам жаракат алышкан жана 360 адам үй-жайсыз калган.

Жакында эле Япониянын түштүк-батышында нөшөрлөп жааган жамгыр 56 кишинин өмүрүн алган. Окуя учурунда дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жана  суу каптаган аймактардан адамдарды эвакуациялоо үчүн он миңдеген жапон аскерлери жана башка жардам күчтөрү тартылган.

Комментарий жиберүү